Кыргызстан үч премьердин ичинен президент тандайт

Кыргызстан үч премьердин ичинен президент тандайт

Орусиянын “КоммерсантЪ” гезити 15-октябрда Кыргызстанда болчу президенттик шайлоого дүрбү салып көргөн экен, кыргыз окурмандарына кызык болобу деген ниетте кыргызчага которуп, сунуш кылып жаткан кербезибиз.

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт, жарыштын негизги катышуучулары аныкталды. Бүгүн көрсөтүлгөн 30 талапкердин арасынан алдыга озчулар өлкөнүн азыркы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы өкмөт башчылары – Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов. Бирок дале интрига бар: Жээнбеков мырзаны президент Алмазбек Атамбаев колдогону – талапкердин жеңишинин кепилдиги эмес. Аны президенттикке көрсөтүү башкаруучу партияда ажырым пайда кылды. “Ъ” гезити Бишкек менен Москвадагы эксперттерди сурамжылаганда, премьердин ачык динге берилгени жана саясаттагы өз алдынча эместиги өзүнө каршы иштеп коюшу мүмкүн. Кыргызстандагы өсүп-өнүгүп келаткан исламдын радикалдуу агымына кызыгуусу өлкөнүн светтик калкынын жана регион боюнча коңшуларынын тынчсызданганындай бар.

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү дале уланууда – өлкө БШКсына арызды 1-августка чейин өткөрсө болот. Ага карабай, негизги фавориттер белгилүү болуп калды, алар шайлоо кампаниясын эчак баштап жиберишкендей. Негизги көңүл премьер Сооронбай Жээнбековго бурулууда, анын талапкерлигин өткөн жумада бийлик колунда турган Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) съезди колдоп берди. Ошону менен катар кыргыз президенти жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев Жээнбеков мырзаны “мен баштаган курстун улантуучусу” деп атады, бирок съезддин чечими анык болбогондой таасир калтырды.

КСДПнын көпчүлүк депутаттары өлкө башчысы катары парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековду көргүлөрү келишет. Ал азырынча өзүн көрсөтө элек, бирок талапкерлигин коерун жашырбады. Ошону менен партияда ажырым пайда болду. “Жээнбеков – бул КСДПдан бирегей талапкер. Ким партиянын чечимдерин аткарбаса, анда анын партияда орду жок” деп съездде партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов так кесе айтты. Жакынкы күндөрү Кыргызстанда парламенттин кезексиз жыйыны өтөт деген сөздөр бар, анда Чыныбай Турсунбековдун атаандаштары аны кызматтан алууга аракеттенип көрүшөт.

“Ъ” гезине берген маегинде “Адилет” юридикалык борбордун башчысы жана «Бир бол» либералдык-демократиялык партиясынын мурдагы депутаты Чолпон Жакупова: “КСДПнын съезди көрсөткөндөй, партиянын аппараты азыркы абалды партия ичинде да, өлкө ичинде да көзөмөлдөй албай калыптыр” деди.

Кандай болбосун, Чыныбай Турсунбеков Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири боло албайт. Анын негизги атандаштары мурда өкмөт башчылары болуп кетишкен – Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов. Кыргызстандагы алдыңкы АКИpress жана 24.kg басылмаларынын сурамжылоолорун ылайык экөө тең сап башында. Калган талапкердин шайланышы күмөн. Кыязы, алардын көпчүлүк бөлүгү катталуунун экинчи этабынан өтүшпөйт, анда ар бир саясатчы Борборшайлоокомго колдогон 30 миң шайлоочунун колун өткөрүп, күрөө катары 1 млн сом (865 миң рубль) төгүп, кыргыз тилинен экзамен тапшырууга тийиш.

“Ъ” гезитине берген маегинде саясат таанучу – Орто Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов шайлоо жарышындагы абал өзгөрүп кетиши мүмкүн деп жоромолдоду. “Бабанов менен Сариев алдыңкы үч лидердин катарына үмүт арта беришсе болот. Биринчиден, экөө тең мурдагы премьерлер катары жакшы таанымал, экинчиден, кампанияны алып кеткенге алардын жетиштүү жеке ресурстары бар” – деди Дубнов мырза. Сооронбай Жээнбековду эксперт туруксузураак дейт, анын ордун башка талапкер — БУУнун Ооганстандагы Атайын саясый миссиясынын саясый директору Таалайбек Масадыков ээлеши мүмкүн. “Бир жылдан бери карай Жээнбеков премьер болуп иштеп келет, шол аралыкта намаз окуу практикасы өтүгүл өкмөт үйүнүн имаратында болуп кетти. Бул өкмөт башчысынын демилгеси болгонун жашырышпады. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүгүндө исламдын радикалдуу формасына кызыгуу күч алууда. Мунун баары Кыргызстандын светтик калкын тынчсыздандырууда” – деди маектеш. Жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде Жээнбеков мырза чындап эле “Мен өмүрүмдө Аллахтан башка эч нерсеге ишенбейм” деп айтканы бар.

Кыргыз саясат таануучусу – Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адиль Турдукуловдун ою боюнча, өлкөнүн радикалдашып кетүү коркунучунан улам Жээнбеков сырткы аренада колдоо таппай келет – Орто Азия чөлкөмүндөгү коңшулардан да, Москвадан дагы. “Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып кетишине эч ким кызыкдар эмес”, — деди Турдукулов “Ъ” гезитине. Кооптондурганы —  Сооронбай Жээнбековдун “арабдар менен байланышы”, кыргыз эксперттеринин айтуусу боюнча, буга чейин ал Сауд Аравиясы менен Катардын кызыкчылыктарын колдоп келген. “Мындан тышкары, Жээнбеков – өз алдынча фигура эмес, кайра-кайра эле президент жакка кылактай берет. Ал дайыма ушундай болуп келген, Ош облусунун губернатору болгон кезинде да Ош мэринин кадыр-баркына жете албаган, ал эми премьер болуп дайындалганда “мындай болот деп түшүмө да кирген эмес” деп айтып алганы бар”  — дейт Адил Турдукулов сөзүн улап.

Июндун соңунда Бишкекке Орусия федерациясынын спикери Вячеслав Володин учуп келип, протоколго ылайык кесиптеши Чыныбай Турсунбеков менен жолуккан. Бир жумадан кийин Федерация Кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев менен кезиккен. Бирок, көптөгөн имиш сөздөргө, айың кептерге карабай, орус саясатчылары конкреттүү бир талапкер жөнүндө сөз кылышпады.

Кабай КАРАБЕКОВ, Бишкек; Кирилл КРИВОШЕЕВ, Москва

Кыргызчалаган Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.