Атамбаев менен Жээнбеков 7-ноябрдагы иш-чарага катышат

Атамбаев менен Жээнбеков 7-ноябрдагы иш-чарага катышат

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, президент Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерүүгө арналган иш-чараларга катышат. Мамлекет башчысын  КРнын жетекчилери: жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева коштоп жүрүшөт. Бул иш-чара өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Атамбаев ал күнү Ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерип, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан бир катар эстеликтерге гүл коёт. Андан соң борбор шаарыбыздагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коёт. Ошондой эле Бишкек шаарындагы  Кыргызстан менен Россиянын достук монументинин айланасында жаңыланган гүлбакчанын бет ачарына катышат.

Келиңиздер, президент менен чогуу майрамдайлы!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.