Салянованын маанилүү мыйзамына Атамбаев кол коебу?

Салянованын маанилүү мыйзамына Атамбаев кол коебу?

Жогорку Кеӊеште жашы жете электердин, анын ичинде жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга карата жаза чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, балдарга карата күч колдонуу фактысы жылдан жылга көбөйүп жатат. Мына ушул жагдайда жашы жете электерге, анын ичинде жаш балдарга карата жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Балдарга карата күч колдонгон адамдардын аракеттерин талдоо күч колдонгон аракеттер көпчүлүк учурда бала менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары тарабынан жасалгандыгын көрсөттү.

Ошону менен бирге, жазык мыйзамдарында жашы жетпеген балдарга карата кылмыштардын жасалган айрым түрлөрү үчүн эч негизсиз эле өтө төмөн санкциялар белгиленген. “Ушуга байланыштуу КР КЖКда жана КР ЖПКда балдарга күч колдонгондугу үчүн санкцияларды катуулатуунун зарылдыгы жаралууда, атап айтканда, жашы жетпегендерге жана жаш балдарга карата зордуктоолорго санкцияны катуулатуу керек”, — деди депутат Аида Салянова.

“14 жашка чейинки балдарды өзүнүн макулдугу менен жыныстык мамиле болду” деген айбандык чечимдер чыкпайт”

Аида Жеңишбековна Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазып чыкты:
Бүгүн жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулукка каршы биз демилгелеген мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, бул категориядагы кылмыштар оор кылмыштардын арасына кирет, кыскартууга жатпайт. “14 жашка чейинки балдарды өзүнүн макулдугу менен жыныстык мамиле болду” деген айбандык чечимдер чыкпайт. Кылмышка барган мугалим — тарбиячы кайра бул жумушка алынбайт.
Эми Президент кол коет деп үмүттөнөлү.
Алардын пикирине караганда, мындай зөөкүрлөр кайра балдар менен иштей берсе болот экен. Эмгек укугу бузулуп калат имиш.
Долбоорду даярдоодо Омбудсмендин жана коомдук уюмдардын изилд
өөсүнө таяндым. Ал үчүн териң ыраазычылык билдирем!”

Аида Жеңишбековнанын көтөргөн мыйзамы туура. Бирок, буга президент Атамбаев кол коебу? Биз дагы үмүт артып туралы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.