Салянова көтөргөн маселеге Зилалиев эмне деп жооп берди?

Салянова көтөргөн маселеге Зилалиев эмне деп жооп берди?

Жогорку Кеңеште кечээ күз-кыш мезгилине карата калкын даярдоо маселеси каралып, ага вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты. Зилалиевдин айтымында, быйыл кышка даярдык өз деӊгээлинде болду. «Кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджетте 3 млрд 41 млн 700 миӊ сом каралса, азыр 2 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилди. Быйыл «Токтогул» ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык. Жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен бирге, ушу тапта Казакстандан да көмүр келе баштады», — дейт ал.

Суроо-жооп маалында депутат Аида Салянова кышы катаал Нарын облусунда калктын электр кубатын пайдалануудагы 70 тыйындан төлөнүүчү 700 кВаттык жеңилдиктин ордуна каралган 1000 кВаттын бул аймакка жетишсиздигин баса белгиледи. Зилалиев бул маселе дагы каралып жатканын айтты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.