Өмүрбек Бабанов үн катты

Өмүрбек Бабанов үн катты

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча Фейсбук аркылуу билдирүү таратты.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.

Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.

Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл.

Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!”

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.