Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны: “Таласка көп тийишпей, Таажыңды таштап жылып кет!”

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны: “Таласка көп тийишпей, Таажыңды таштап жылып кет!”

Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов “Атамбаев менен коштошуу” аталышта Атамбаевге катуу, ачуу чындыкты жазыптыр. Бул ырда болгон көйгөй жазылган, Атамбаевдин 6 жылдагы жүзү ачылган. Эл акыны деген мына ушундай эл менен болот, болгон чындыкты өз убагында айтат. Кан кеткенден кийин арткы числону коюп алып, “мен ошондо жазгам” деп калп айтпайт. Эл, жерине күйгөнүнөн, жандүйнөсү жарылып жазган Анатай агабыздын ырын угуп, үн кошуңуздар!

«А король жылаңач турбайбы…»
                         Ганс Христиан Андерсен

Ордунан туруп басалбай,
Ооруган башын жазалбай.
Орденин берип жөн турбай,
Ой-тоонун башын дөөдүрөйт.
Атынан айткым келбеди,
Памилясы Атамбай…

Титирей сүйлөп тиртеңдеп,
Тийишпегин казакка.
Тийише берсең тилиңден,
Кабыласың азапка.
Ансыз да күнүң аз калды,
Аз күнүңдү таза акта.
Дегенге болбой делбеңдеп,
Кеп жебестен келжеңдеп,
Калдың минтип мазакка…

Назарбаев аксакал,
Эки элге эмес дүйнөгө.
Сен биттейсиң, ал киттей,
Ага акараат сүйлөбө.

Жарты нан жеген жардынын,
Бай болгону курусун.
Көргөнсүздүн көп элге,
Бий болгону курусун.

Куулук-шумдук билбеген,
Бирок, ак-караны иргеген.
Айкөл кыргыз элденбиз,
Президенттик тактыны
Өмгөктөгөн өлкөнү –
Өстүрсүн деп бергенбиз.

Дартка даба тапсаң да,
Акмакка даба табылбайт.
Түбү түшкөн челектей,
Түнү-күнү даңылдайт.
Казанын калпка кайнатып,
Дарбаза оозу жабылбайт.

Ийне сынат көзүнөн,
Адам сынат сөзүнөн.
Тарыхы бар Таласты,
Тантырайсың: «Көчүрөм…»
Дареги бар, дайны бар,
Дайындуу туулган айлы бар,
Данектүү айтпайт мындай кеп.
Мындай сөздү тентиген,
Жети атасын билбеген,
Желип өткөн жел айтат.
Өзүңө окшош өлүмсүк,
Өксүгү бар кем айтат.

Түбү түзүк болсо эгер,
Түзүк уядан учса эгер,
Минерине ат берип,
Саарына уй берип,
Алыс, жакын дебестен,
Үзөнгүнү тең тээп,
Оң-сол менен кеңешмек…
Жартыны бөлүп бир жешкен,
Жан-каныбыз бир дешкен,
Бөтөлкө сууну бөлө ичкен,
Бөлүнбөйбүз деп ичкен,
Элди экиге бөлбөгүн,
Бөлсөң ошол өлгөнүң…

Түн болсун, мейли заарда,
Оозуң калпка каалга.
Ажыдаар деп жүрүп өткөндү,
Айландың өзүң ажыдаарга.

Өзүм туруп башында,
Коррупцияны ачам – дейт.
Торугартты айтса тоотпойт,
Укмаксан болуп жооткойт…
Кимди кармайт билбеймин,
Кармап алып этине,
Анан кийин бетине,
Ысытып темир басам дейт.
Титиретип даргага,
Тирсегинен асам – дейт…

Үнү курсун чыңырган,
Чыккандай орто кылымдан.
Сүйлөмдөрү ушундай,
Кыркаяктын бутундай,
Кудаяр кандын тушундай…
Аягы бар башы жок,
Башы болсо да соңу жок,
Ичинде бир оңу жок.
Каарынан заары арбын,
Эмнени сүйлөп жатканын,
Өзү билбейт, эл билбейт.
Чырк-чырк этип турса да,
Чыгаан бүркүт менмин дейт.
Уялгандан куш учпай,
Булут жылбайт, жел жүрбөйт…
Өзүнүн ким экенин –
Өтө эле жаман кем билбейт.

«Отургузсаң да килемге,
Бака качат баткакка.
Артынан сиет төөгө окшоп,
Акыл айтсаң акмакка»

Бир карасаң соого окшош,
Бир карасаң айныма.
Оорулуубу же сообу,
Аппарат болсо, ээ, билгидей.
Учурса улам ушагын,
Уккан жан жерге киргидей.
Башына тили баш бербей,
Конфуцийдин цитата –
Келтирип айтып жаткансып,
Кайталайт сөзүн артынан.
ООНдо сүйлөп жатса да,
Тантыганы тантыган.

Бир иши алга кетпеди,
Эл ырысын тепседи.
Алты жылы олтуруп,
Айтылып калаар артында,
Бир маселе чечпеди.
Кесир сөзү кейитип,
Кептешке элди кептеди.

Түлкүдөй болуп кубулган,
Түктүйүп чөөдөй чыңырган.
Акаевден алты эсе –
Арам тура бул урган.
Калтардай болуп кубулган,
Карышкырдай жулунган.
Бакиевден беш эсе –
Жаман тура бул урган.

«Элди элден бөлбөйм – деп,
Бириңди өйдө, а бириң,
Андан ылдый көрбөйм – деп,
Достуктун жолун улайм – деп,
Биримдигин чыңайм – деп,
Конституцияга колуңду,
Коюп берген ант кана?!
Же аны алмаштыңбы акчага…
Казанын калптын кайнатып,
Жер караттың эл, жерди.
Алмустактан бери карай
Ант урсун дейт сендейди.

Жылаан чакса ай, жылда,
Күн сайын чактың сен элди.
Ушундан улам түшүндүм,
Түбү жаман дегенди.

Бузуп айткан сөз жаман,
Күбө түшкөн бөз жаман.
Бүгүнкү күндө сен болдуң
Бүлүк салган Көзкаман.

Шейит кеткен балдардын,
Акталган жок үмүтү.
Кан жутуп калган бүлөнүн,
Бөксөргөн жок күйүтү.
Сени бизге хан кылган,
Бу да Кудайдын кылган бир иши.

Калкты канча каргадың,
Ичинде эле бир айдын.
Кайрылып келип өзүңө,
Каргышы тийсин Кудайдын.

Айткан сөзүм төп келсин,
Абийриң дагы бөксөрсүн.
Алың жетпес оозуңа –
Таластын ташы кептелсин.

Эми, этек-жеңиң жаап кет,
Элди бөлбөй экиге,
Элиң кайда таап кет!
Түндүгүңдү жаап кет,
Түптүү элге тийишпей,
Түбүң кайдан таап кет!
Корооңдун оозун жаап кет,
Кодулабай Таласты
Коконуңду таап кет!
Талпагыңды жыйып кет,
Таягыңды кыйып кет.
Таласка көп тийишпей,
Таажыңды таштап жылып кет!

Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны

One thought on “Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз Эл акыны: “Таласка көп тийишпей, Таажыңды таштап жылып кет!”

  1. Кайран гана Анатай агай, атыныз калды тарыхты, Эл Баатырын берсе да болот

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.