Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү кайрылуусу

Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү кайрылуусу

Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү ажонун бүгүнкү иш-чарасы боюнча мындай деп жарыялаган. “Президент Алмазбек Атамбаев ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерүүгө арналган иш-чараларга катышат. Мамлекет башчысы КРнын жетекчилери: жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева коштоп жүрөт. Андан тышкары, Ата-бабаларды жана тарыхый инсандарды эскерип, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жайгашкан бир катар эстеликтерге гүл коюп, андан соң, борбор шаарыбыздагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коет. Ошондой эле Бишкек шаарындагы  Кыргызстан менен Россиянын достук монументинин айланасында жаңыланган гүлбакчанын бет ачарына катышат” дешкен. Негедир эч нерсе жок. Ушунун баары болсо өздөрү жазып чыкмак жана мамлекеттик телеканалдар байма бай бермек. Бардыгы бир гана кайрылуусун берүүдө.

Же түштөн кийин бере башташат. Азырынча Атамбаев эч ачууланбай, эч кимге доомат койбой, өзүнөн чыкпай, жакшы сүйлөгөн кайрылуусун байма бай берип жатышат.

Ажо Атамбаевдин бүгүнкү кайрылуусу төмөндөгүдөй:

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул жылы 7-8-ноябрда Кыргызстанда алгачкы жолу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип жатат.

Бүткүл өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар өтөт.

Өкмөткө тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо жана көркүнө келтирүү, элибиздин өнүгүүсүнүн өзөктүү этаптарын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Анын ичинде Улуу Кыргыз каганаты калыптанган жана гүлдөп өнүккөн мезгил, карахандар доорундагы кыргыздардын жашоо-турмушу, жунгар жапырыгы жана Кокон хандыгынын баскынчылыгы учурунда элдин башынан өткөн кыйынчылыктары, ошондой эле Россия элдери менен жөнөкөй эмес, бирок үзүрлүү жана кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына алып келген биргелешкен тарыхы да бар. Эгемендүү Кыргызстандын акыркы 26 жылдагы драматизмге жана тагдыр чечүүчү окуяларга жык толгон соңку жаңы тарыхын изилдөө да абдан маанилүү.

7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Россияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргызстандын тарыхына тийгизген таасири баа жеткис.

Совет мезгилиндеги жетишкендиктер биздин өлкөдө Октябрь революциясына болгон оң мамилени калыптандырды, Кыргызстандын жана Россиянын тилектеш элдеринин ортосундагы достукту бекемдеди. Бул достук Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында, ошол учурдагы жалпы Мекенибиз болгон Советтер Союзу үчүн бирге салгылашкан кезде, айрыкча даана көрүндү.

Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат.

Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат.

Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.