Текебаевдин адвокатынын үйүнө түндө ууру кирди

Текебаевдин адвокатынын үйүнө түндө ууру кирди

Бул тууралуу Текебаевдин дагы бир адвокаты Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жайгаштырды. Видеодон ууру адвокаттын үйүнө ашкана терезесин бузуп кирип, бийик дубалдан ашып түшүп кеткенин Канат Хасанов (Текебаевдин адвокаты) көрсөтүп бергенин көрүүгө болот.

Адвокаттын айтымында, 7-ноябрда, түндө саат 04:00дө үйүнө белгисиз бирөөлөр үйүнө уурулукка кирген. Катуу дабыштан адвокаттын жубайы ойгонуп кеткен. Туруп карашса, ууру изин суутуп кеткен. Эмне уурдалганы боюнча Канат Хасанов буларды айткан: “Менде белекке берилген тапанча бар эле. Ал жок. Андан башка Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишинин бир нускасы менде болчу, ошол жок. Башка баалуу буюм деле жок эле”.

Бул окуя боюнча милиция чакырылып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.