Албек Ибраимов “Даңк” ордени менен сыйланды

Албек Ибраимов “Даңк” ордени менен сыйланды

Бүгүн, 14-ноябрда, президент Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугу тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымына караганда,  өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана КРнын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен эки, “Даңк” ордени менен жети киши сыйланган. Андан тышкары, “Достук” ордени менен бир, “Даңк” медалы эки адамга ыйгарылган. “Даңк” орденин алгандардын ичинде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бар.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.