Бабановдун «Санжыра» радиосу эмнеге токтоп турат?

Бабановдун «Санжыра» радиосу эмнеге токтоп турат?

«Санжыра» радиосу саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени, НТС каналына карары баарына эле белгилүү. Аталган радио 1-ноябрдан бери эфирге чыга элек. Анын себебин ар ким ар кандай божомолдошкон. Так себеби бүгүн билинди.

“Бабанов чет өлкөгө кетери менен радиосун бийлик жабып салды”, “Бабанов журналисттерге айлыгын бербей коюп токтоду”,- деген сыяктуу узун кептер кеткен. Андай эмес экен. “Санжыра” радиосунун лицензия мөөнөтү узартылбаганы себеп болуптур. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Байланыш агенттигинин лицензия бөлүмү лицензиясынын мөөнөтү бүтүп калганын, узартуу боюнча кайрылуу каты болбогонун айтып чыгышты. Ал эми аталган радионун башчылары бул маселени чечиш үчүн Байланыш комитетине кат жиберилгенин билдиришкен.

Эми узартуу үчүн деле акча керек. Айлыгын карап отурган радио кызматкерлери төлөмөк беле?! Бабанов акча берсе узартылат, бербесе токтоп тура берет да. Эми НТСи каржыланбай, токтоп калбаса экен…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.