“Мөңгүдөн колуңду тарт!” акциясы Ак үйдүн алдында өтүүдө…

“Мөңгүдөн колуңду тарт!” акциясы Ак үйдүн алдында өтүүдө…

Активдүү жарандар “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы!”аталышта нааразычылык акция менен бүгүн да Ак үйдүн алдына чыгышты. Буга чейин алар 8-ноябрда чыгышкан. Андан соң, 10-ноябрда бийликтегилер менен тегерек столго отуруп, бул маселени талкуулап, тил табыша албай, аягы ызы-чуу менен аяктаган.  Вице-премьер-министр Зилалиев күпүлдөп, аягында “Кумтөргө” чогуу барып келүүнү сунуштаган. Активисттер барып келишти. Бирок, мөңгүлөрдү талкалоого макул болушкан жок.

Активист жарандардын шаршемби күнүндө чыгуусунда себеп бар. Ошол күнү парламент иштеп, маанилүү маселелерди карайт. Бүгүн «Суу кодексине» толуктоолорду киргизүү тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына үчүнчү окууга киргизилет. Ошого киргизип койбосун деп тынчсызданып чыгышууда. Учурда ал маселе парламентте каралууда. Депутаттардын суроосуна Зилалиев жооп берүүдө…

Эскерте кетсек, жогоруда аталган документти 31-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет талкуулап, бийликтин долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберген. Долбоордо Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.