Улан Саляновдун өлүмүн иликтөөгө ким тоскоол болууда?

Улан Саляновдун өлүмүн иликтөөгө ким тоскоол болууда?

Бүгүн, 17-ноябрда, саат 14:00до Жогорку Кеңештин жыйындар залында «Ата Мекен» фракциясынын жыйыны болмок. Жыйында депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат угулмак. Ага ИИМ министринин 1-орун басары — Өмүрзаков С, Генпрокурордун 1-орун басары — Казаков Б, УКМКнын 1-орун басары Чоткараев Д. катышып, баяндама жасашмак.

Бир күнгө, дал ошол саатка коюлган убакыт

Тилекке каршы, бул маанилүү маселе башка күнгө жылып калды. Себеби да өтө таңгалычтуу. Анткени, бүгүнкү күнгө, дал ушул убакка (саат 14:00) Биринчи Май соту депутат А.Шыкмаматовдун териштирүү ишин кароону коюп койгон.

Бир убакытка, бир күнгө коюлганы саясат болбогондо эмне дейбиз? Ушул жерде да саясат жатат. Кандуу кылмыш ишти териштирүүнү угузууга эмнеге мындай “бут тосуу” болду? Түшүнүксүз. Бир тууганынан ажырап, жаны кейип турган Аида Жеңишбековнага бул кандуу иштин жылышы дагы бир сокку болду. Себеби, депутат инисинин өлүмү боюнча угууну, дал ушул күндү чыдамсыздык менен күтүп жаткан да. Баарыбыздын башыбызда бир тууган бар го…

Наталья НИКИТЕНКО: “Улан Саляновдун өлүмү боюнча эмгиче эч кандай маалымат жок”

Кечээ, 16-ноябрда, парламент жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянованын инисинин өлүмүн иликтөөнү төрага Д.Жумабековдон өтүнүп, өз көзөмөлүнө алууну айтышкан. Анда депутат Наталья Никитенко “Улан Саляновдун өлүмү тууралуу тыкыр иликтөө жүргүзүлүшү керек болчу, эмгиче эч кандай маалымат жок. Ошондуктан Дастан Артисбекович бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду өтүнөм”,-деген.

Айсулуу МАМАШОВА: “ИИМ шашылыш бүтүм чыгарбашы керек эле”

Ушул эле фракциянын депутаты Айсулуу Мамашова: «Бул окуяда саясий себеп жок» деген бүтүм эрте айтылган. Себеби, эч нерсе иликтенип, саясий иш эместиги далилдене элек болчу. ИИМ шашылыш бүтүм чыгарбашы керек эле. Үйдөн эч нерсе уурдалган эмес, киши өлтүрүлүп жатат”,-деген.

Эскерте кетсек

Маркум Улан Салянов 6-ноябрда канкорлордун колунан каза болгон. Алар Саляновдун “Көк Жар” кошундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип барып, атып кетишкен.

«Ата Мекен» партиясы бул окуяны Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, “саясий негиз бар” деген билдирүү тараткан. Ал эми ИИМ “бул окуяда саясий себеп жок”,- деген. Бул кандуу окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Алигүнчө эч нерсе айтыла элек… Улан Саляновдун өлүмүн иликтөөгө ким тоскоол болууда?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.