Москва химиялык чабуулду иликтөөгө каршы вето койду 

Москва химиялык чабуулду иликтөөгө каршы вето койду 

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы химиялык куралдарды иликтөө тобунун ишин узартуу боюнча резолюцияга вето койду. Коопсуздук Кеңешинин он бир мүчөсү документке “макул”, Орусия менен Боливия “каршы” деп добуш берди. Кытай менен Египет добуш берүүдөн карманды.

Орусиянын чечиминин натыйжасында, Химиялык курал колдонууга тыюу салуу боюнча уюмдун эксперттери өз ишин токтотушат. Алар Сириядагы химиялык курал колдонуу учурларын иликтеп жатышкан.

Быйыл апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарында зарин газы колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган. Комиссия күбөлөр менен сүйлөшүп, фото жана видеоматериалдарды топтоп, топурактан алынган анализдерге таянуу менен ушундай бүтүм чыгарган. Коопсуздук чараларын эске алуу менен окуя болгон жерде иликтөө жүргөн эмес, бул болсо Москванын сынына кабылган.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейлинин айтымында, Орусия бул кадамы менен Сирияда химиялык курал колдонууга уруксат берүүдө. “Дагы бир жолу химиялык курал колдонулса, силердин абийириңерге коёбуз”, – деди Хейли.

Орусия сирия кризисине байланыштуу резолюцияларга онунчу жолу вето койду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.