АТАМБАЕВ: “Бабанов казак олигархтарына барбай түз кетсе, шайлоодо утмак”

АТАМБАЕВ: “Бабанов казак олигархтарына барбай түз кетсе, шайлоодо утмак”

Президент Атамбаев жыйынтыктоочу жыйыны болгону үчүн, бардыгын бөлүп берип жатабыз. Бүгүнкү жыйында Өмүрбек Бабанов жөнүндө да суроо болду. Ага мындай деп жооп берди:

Бабановдун Он-Адырдагы сөзүн көрдүңөр, аны мен сүйлөткөн жокмун. Кыргыздарга барганда ак калпагын кийип, Манас жөнүндө сүйлөйт. Башка жакка барганда кандай сүйлөрүн көрдүм. «Бабановчуларды» көрдүм, 300ү Таласта чыгып алып «Манасты» окуганга каршы болушту. Эми сот чечсин. Мен Бабановду аячумун, келечеги жакшы жигит болот деп ойлогом. Бирок, өз элине каршы чыкпаш керек болчу. Коңшу президентке барып чөгөлөбөй, казак олигархтарына барбай түз кетсе утмак. Кудай өзү урду.

БАБАНОВ:Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт”

Жогоруда Атамбаев айткан Он-Адыр маселеси боюнча Өмүрбек Бабановго 4-ноябрда карата кылмыш иши козголгон. Ошол күнү ага Бабанов мындай деп жооп берген:

Укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.

Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.

Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл.

Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!

Кечээ эле экөө дос болуп жүрүп, бүгүн кас болуп калышты. Экөө тең элди эмес, өзүн ойлогон, кекчил адамдар. Кекчил адамдардан жакшылык күтүүгө болбойт!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.