Шыкмаматовдун жүрөгү кармап, тез жардам менен ооруканага жеткирилген…

Шыкмаматовдун жүрөгү кармап, тез жардам менен ооруканага жеткирилген…

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун жүрөгү эртең менен кармап, тез жардам чакырылып, ал бүгүн Бишкектин №6 ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу эл өкүлүнүн жардамчысы Улан Байышбеков билдирди.

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматовдун кезектеги сот отуруму бүгүн саат 14:00до Биринчи Май сотунда уланмак. Депутатка “2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда, Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан” деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. А.Шыкмаматов мындай айыпты четке кагып, “саясий куугунтук” деп айтып келет.

Ушундай болбогон жерден, жалган жалаанын айынан жүрөк оорулуу болуп калды. Дайыма дары ичип келген. Бүгүн болсо, ошол дары да жардам бербей, ооруканага түшүп калды. Бул күндөр да өтөт, Алмамбет мырза! Тезинен айыгып чыгыңыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.