АТАМБАЕВ: “Соке досум, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин, бактылуу бол!”

АТАМБАЕВ: “Соке досум, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин, бактылуу бол!”

Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинде сүйлөп, аягында Жээнбековго бата берди. “Абдан толкунданып жатам. Айланайын кыргыз элим, аягында уруксат берсеңиздер, досума, С.Жээнбековго өзүм жазган батамды берейин”,- деп баштады. Өзү жазган батасы төмөндөгүдөй:

Жараткан кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта,

Душмандын жалаасынан сакта.

Дос көрүнүп кас болгондон сакта,

Жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта.

Соке досум, берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин.

Жорткондо жолуң шыдыр болсун,

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун.

Жараткан ар дайым сени колдосун,

Аман бол, бактылуу бол,

Элибизге ак жолтой ажо бол, досум!”

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.