Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Карызды тариф аркылуу ар бир адам төлөйт”

Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Карызды тариф аркылуу ар бир адам төлөйт”

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары сессияда Бишкек ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын кайда жумшалганы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуп, талкуу болуп, аягы аркы жумага калган. Бүгүн болсо Сапар Исаков ЖЭБге Сооронбай Жээнбеков дагы жооптуу экенин айтты. “Тиги күнөөлүү, бу күнөөлүү” деп күнөөнү бири-бирине оодарып отурганда КСДП фракциянын лидери Иса Өмүркулов ал боюнча ачуу чындыкты айтып оозду ачырды. 386 миллион доллар карызды тариф аркылуу эл төлөй турганын тайманбай туруп ачык айтыптыр. Ал төмөндөгүдөй: “Бул жердеги маселе кредиттик каражатты кантип колдонгон, максаттуубу, пайдалуубу же бөлөк булактарга кеттиби дегенде жатат. Бүгүн ачык-айкын изилдеп туруп чекит коюш керек. Бул чоң акча, кийин кайра төлөп беришибиз керек. Терең ойлонгон кишиге бул акчанын баары кийин тарифтерге түшөт, тариф аркылуу ар бир адам төлөөгө туура келет. Ошондуктан акча кайда кетти, кимдин күнөөсү бар, эмне үчүн ошол кезде ошондой чечим кабыл алынган, артында ким турганын ачыкташ керек. Биз саясий баа беребиз, калган ишти укук коргоо органдарына тапшырып, иликтеп чыгышына мөөнөт берип, талап кылабыз. Иликтөөдөн кийин дагы башка адамдардын аты аталышы мүмкүн, көп акчанын аркасында көп эле киши турат да«.

Көрдүңүздөрбү, “бул чоң акча, кайра төлөп беришибиз керек. Бул акчанын баары кийин тарифтерге түшөт, тариф аркылуу ар бир адам төлөөгө туура келет” деп атат депутат. Эмнеси болсо да эл өкүлү эркек экен, «эл төлөйт» деп ачык айтты! А чыны ошондой эле да, дайыма эле элге салып коюшат. Төлөп эле келатабыз го. “Жеп” алган чоңдор төлөбөйт, эл төлөйт. Ошон үчүн свет кымбаттап кетти да. Демек, дагы кымбаттайт. Кымбаттчылыктан улам революция болду эле го, аны унутуп коюштубу?!

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Иса ӨМҮРКУЛОВ: “Карызды тариф аркылуу ар бир адам төлөйт”

  1. Менде суроо барда. президент карыз акча алып жатканда эч ким менен кеңешпестен алдыбы, же эшектин тушосун да чече албаган мыйзам чыгаруу бийлиги бул иштин башында тур алып, Калпи эле артис болуп жатабы?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.