КХАН: “Асаналиев 60 студенттен 2900 доллардан алган”

КХАН: “Асаналиев 60 студенттен 2900 доллардан алган”

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында студент Хурия Кхан билдиргенин «24 kg» сайты жазып чыкты. Студенттин айтымында, Илим жана ишкердик эл аралык университетинин негиздөөчүсү Нургалы Асаналиев контрактык негизде окуган Индиялык 60 студенттин ар биринен 2900 доллардан алган. Бирок, “контракт төлөндү” деп тастыкталган чек берилген эмес. “ЖОЖ жаңы гана ачылып, касса ишке кире элек”,-деген жооп айтышкан.

Биздин ата-энелерибиз Индиядагы жерлерин сатып, билим алсын деп Кыргызстанга жөнөтүшкөн. Акчанын азабын тартып, биз азыркыга чейин кышкы сессияларды тапшыра элекпиз. Экзаменди дагы жөндөп тапшыра албай жатабыз. 60тан ашуун студент Нургалы Асаналиевге карата арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылдык», — дейт студент Хурия Кхан.

Индия студенттери Октябрь РИИБисине арыз ташташкан. Ал жердеги тергөө кызматынын башчысынын орун басары Таалайбек Молдогазиев алардан арыз түшкөнүн тастыктап, бул факт боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.