Мыкты журналист Уланбек Эгизбаев каза болду

Мыкты журналист Уланбек Эгизбаев каза болду

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу кабарлады. Анда мындай деп жазылган: “Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Алардын иликтөөсүнүн жыйынтыктарын кошумча кабарлап турабыз”.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.