Бийликте турганда Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү ээлеп алган жерлери…

Бийликте турганда Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү ээлеп алган жерлери…

“Атамбаев Ысык-Көлдөгү жерге кантип ээлик кылган?” аталыш менен “Компромат Кг” жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй:

“Экс-президент А. Атамбаев хансарай курган Кой-Таштагы 2,7 гектар жер тилкесинин кандай ызы-чуулу жер экенин элибиз жакшы билет. Атамбаев канчалык актанбасын, ал жердин ызы-чуусу аягына чыгышы кыйын. Эми анын артынан экс-президент президенттик доорунда ээлик кылып алган дагы бир жеринин ызы-чуусу чыга башталы. Окуя түшүнүктүү болушу үчүн, башынан баяндап берели.

2016-жылдын июлунда Анвар Шабданов аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы «Бригантина» эс алуу борборунун ээси болуп саналган Сыргак Орозалиев аттуу жарандын ишеним каты менен (доверенность) Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго «Бригантина» эс алуу борборунун территориясына жакын жайгашкан 4,61 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга алуу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок, анын өтүнүчү анда канааттандырылбайт.

Буга байланыштуу А. Шабданов Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотуна Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү аталган жер тилкесин берүүсүн талап кылган өтүнүч менен кайрылат. Райондор аралык соту А. Шабдановдун арызын толугу менен канааттандырат.

2016-жылдын 4-октябрында Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы №156 чечими менен жогоруда айтылган жер тилкесин С. Орозалиевге А. Шабдановдун колундагы ишеним кат боюнча 5 жылга ижарага берет.

Ошентип «Фрунзе Резорт» ЖЧКсынын атынан аракеттенип калган А. Шабданов 2017-жылы жогорудагы 5 жылга ижарага берилген жер тилкесин эми 49 жылга туризм объектисин куруу үчүн берүү өтүнүчү менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына кайрылат. Кызыгы, ал убакта бул жер тилкеси 2021-жылга чейин С. Орозалиевге таандык жер тилкеси болуп турган.

Ошентип 2017-жылдын 18-августунда Ысык-Көл райондук администрация башчысы Д. Иманалиев «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына көрсөтүлгөн жер тилкесин 49 жылга ижарага берүү боюнча №151 токтомун чыгарат. Ал өзүнүн токтомун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы №61 токтомуна негиздеген.

Андан соң 2017-жылдын 23-октябрында мурдагы премьер-министр С. Исаков «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына көрсөтүлгөн жер тилкесин берүү боюнча токтомун чыгарат. Анын токтому Ысык-Көл райондук администрациясынын жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн токтомдоруна негизделген.

Бирок, белгилей кете турган жагдай мындай, жогоруда айтылган Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн токтому менен эле жер тилкесинин ээси «Фрунзе Резорт» ЖЧКсы табылып жана ал жерге туризм обьектилерин курууга уруксат берилип калган. Демек, «Фрунзе Резорт» ЖЧКсы КР өкмөтүнүн токтому чыкканга чейин эле жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып баштаган.

2017-жылдын 19-декабрында «Фрунзе Резорт» ЖЧКсы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө кайрадан кайрылат. Бул ирет ал көрсөтүлгөн жер тилкесинин 2,63 га аянтын үчүнчү жакка сатуу үчүн макулдук сурап келет. Болгондо да ал жерди ким сатып алат экен дейсизби? Экс-президент А. Атамбаев. Ал КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын башчысы Т. Коеналиев аркылуу 2018-жылдын 17-январында ошол 2,63 га жер тилкесине ээлик кылып калат.

Андан кийин «Фрунзе Резорт» келишимдин шарттарын бузуу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн макулдугу жок эле дагы 0,57 га жерди Тыныбек Исаевге 2 725 400 сомго сатып жиберет.

Белгилей кете турган жагдай, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы №61 токтому С. Орозалиев менен келишимди жокко чыгаруу болбой тургандай кылып чыгарган. С. Орозалиевдин атынан А. Шабданов аракет кылганын жогоруда айттык.

КР Жер кодексинин 29-беренесине ылайык, уполномоченный мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруу органы жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга электрондук форматта жүргүзүлө турган соодалашуу (аукцион десе да болот) жолу менен бере алат.

Ал эми бул жер тилкеси боюнча эч кандай соодалашуу же аукцион болгон эмес. Андыктан ал жердин «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына түз жол менен эле сатылып кеткени мыйзамсыз болуп саналат.

Ошондой эле дагы бир белгилеп кете турган жагдай, КР Жер кодексине ылайык айыл өкмөтү жер тилкесинин максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү укугуна ээ эмес. Ал эми Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү өзүнүн жогорудагы токтому менен «Фрунзе Резорт» ЖЧКсын жер тилкесинин ээси деп таап жана ага турзим багытындагы обьектилерди курууга уруксат берип койгон.

Демек, мыйзам одоно бузулган. Бул жерде КР Кылмыш-жаза кодексининин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-2- беренеси (жер мыйзамын бузуу) боюнча кылмыш иштерин козгоого болот. Андыктан мына ушундай мыйзамды бузуу менен алынган жердин жарымын сатып алып аткан А. Атамбаевди кандай түшүнсө болот? Биздин колдо анын бул жерди сатып алганын ырастаган документтер турат. А. Атамбаев Т. Коеналиевге ишеним кат (доверенность) берип, ал аркылуу аталган жер тилкесине ээлик кылып калган. Эми бул боюнча кандай жоопкерчилик тартышы керек?»,-деп жазып, ырасталган документтерди жайгаштырышты. Ал документтер төмөндө:

Мына ушундай окурман! Атамбаев бийликте турганда мыйзам бузуу жолу менен бир топ жерге ээлик кылган. Ушундай адамды азыркы президент жоопко тарта алабы? Сооронбай Жээнбеков: «коррупционер болсо атын ачык айткыла»,- деп эле келатат го, Атамбаевдин аты аталып эле келатат, бирок, эч кандай реакция жок го. «Коррупция менен күрөшүүдө дос, тууганга карабайм”,-деген да сөзү бар эле. Досум деп Атамбаевди “аяп” атабы?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.