2019-жыл – Кара кийик кимге кандай жыл болот? (Төлгө)

2019-жыл – Кара кийик кимге кандай жыл болот? (Төлгө)

Ошентип жыл жаңырарына саналуу гана күн калды. Жыл сайын жакшы үмүт менен Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөбүз. Ит жылында ити чөп жегендер да, ит жыгылыш да болду. Ит жылын узатып, Кара кийик жылын тосуп алалы деп турабыз. Кыргыз жылнаамасы боюнча жаңы жыл Кара кийиктин бийлиги астында өтмөкчү. Коркулдаган доңуздан эмне күтсөк болот жана кимге кандай жыл болот?

Кулк-мүнөзү

Курсагы дайыма ток, өз ыракаты үчүн гана жашайт, телегейи тегиз болгонду жакшы көрөт, кулк-мүнөзү өзгөрүп турат, бирде мээримдүү, назик, жылуу сезимдерге балкып тургусу келет. Бир нерсеге ашык болсо, өзүнө ээ боло албай калат. Ошол эле учурда бирөөгө да боор ооруганды билет, колу ачык, сабырдуу. Бирде мүнөзү чагылгандай тез өзгөрүп, жини тез келет. Өзү кетирген катаны мойнуна албайт, ал үчүн кечирим сураганды да билбейт.

Анда тартип деген жок. Эч бир логика кара кийикке туруштук бере албайт. Бир нерсе кылайын деп ойлонуп, план иштеп чыксаңар, андан дароо баш тартканыңар оң. Баары бир силер ойлогондой болбойт. Ички туюмуңарга гана ишенгиле. Интуиция менен гана жол таба аласыңар. Доңуз жылында бардыгын нөлдөн баштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кара кийик – чыгармачыл келет. Ал айланасына кооз буюмдарды чогултуп, өзүн келишимдүү кишилер менен курчап, өмүрүн көркөм окуялар менен толтурат. Эгерде саякатка чыга албай же кебете-кешпириңерди өзгөртө албай жүрсөңөр – 2019-жыл дал ошол мезгил, кыялыңарды жүзөгө ашырганга болот. Кайгы-капа, жаманчылыктар Доңузду айланып өтөт.

Кандай кийинип, кандай дасторкон жасоо керек?

Жыл сүрүүдө ар бир жаныбардын өз өң-түсү болот, кайсыл бир кубулушка байланат. 2019-жыл – Сары Доңуз жылы, жер кубулушуна байланган. Бул жашоонун борбору, ааламдын борбору дегендик. Сары түс эрбашат менен аялбашаттын, ысык менен сууктун тең салмактуулугун сактайт, бардыгы эриш-аркак болот, баланс сакталат. Ошондой эле сары түс: сабырдуулукту, акылмандыкты, тажрыйбалуулукту, бийликчилдикти, көсөмдүктү билдирет, энергиянын, күч-кубаттын символу. Ошондуктан бул жылды тосуп жатканда, сары түстөгү кийим кийген оң. Ошондой эле бул жылга боз, металлик өңдөр да туура келет. Жакшыл, күрөң, кочкул кызылга да каршы эмес.

Ал эми жаңы жылдык дасторкон жер-жайнап турушу керек. Баары жоктун баары болбосо болбойт. Эттен жасалган чүйгүн тамактардан баш тартпагыла.

Сары Доңуз үчүн эң сонун мезгил – бул ноябрь. Бактылуу сандары: 2,5,8. Ийгилик алып келген гүлдөрү – маргаритка жана гортензия. Доңуз жылдары: 1911, 1923, 1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019.

Доңуз жылында туулган атактуулар: Элтон Джон, Элвис Пресли, Вуди Аллен, Альфред Хичкок, Стивен Спилберг, Ален Делон, Владимир Набоков, Марк Бернес, Модест Мусоргский, Аркадий Райкин, Джордж Рокфеллер, Карл Юнг, Далай-Лама, Саддам Хусейн, Томас Манн, Блез Паскаль, Расул Гамзатов, Калиостро, Жорж Помпиду, Лаврентий Берия, Рональд Рейган, Карл Юнг, Эмерсон, Хилари Клинтон, Эрнест Хемингуэй, Вольфганг Амадей Моцарт, Генри Форд, Эмма Томпсон, Борис Ельцин, Тони Блэр, Отто фон Бисмарк, Франсуаза Саган.

Идеалдуу дал келгендер: Барс, Коен жана Кой.
Жакшы дал келгендер: Чычкан, Жылкы жана Ит.
Нейтралдуусу: Тоок.
Дал келбегени: Жылан менен Мечин (Маймыл).

Жалпы-жонунан

2019-жыл – ар бир күнгө суктанып жашай турган, тирүүлүккө каниет кыла турган жыл. Ал туруктуулуктун коргону, бир нерсени көздүн карегиндей сактасаңар, ал узак жыл көз алдыңарда болот, үй-бүлө биринчи орунда турат, рухий өсүшкө да өбөлгө. Дене-бойду машыктырып туруу керек, арыктагыңар келсе, дал ушул жылы жүзөгө ашат. Саякатка чыкканга да ылайыктуу жыл. Кызыктуу окуяларга бай болот. Аракет кылсаң – берекетин берет. Эң башкысы эч нерсеси эртеңкиге калтырбаш керек, эринбегиле, кымгуут салган ызы-чуулардан алыс, бирок жинине тийсеңер, көмөлөтүп сүзүп кеткенден кайра тартпайт. Эң башкысы – бул жылы катуу алданып калышыңар мүмкүн. Доңуз бардыгына эле ишене берет, ошондуктан шылуундардан сак болгонуңар оң.

Кайсыл жаныбарды эмне күтөт?

Уй жылында (1961, 1973, 1985, 1997, 2009) туулгандар үчүн: күтүлбөгөн белектерге бай болот, албетте, жагымдуу белектерге, өзгөчө жеке турмушта. Ушул жылы турмуш курган уйлардын турмушу сүйүүдө, ынтымакта, түшүнүүдө өтөт. Карыздары болсо, кутулат. Жаңы иш баштаганга ылайыктуу. Өмүрлүк жарына же сүйгөнүнө көбүрөөк көңүл бурганы дурус.

Барс жылында (1962, 1974, 1986, 1998, 2010) туулгандар үчүн: ийгиликтүү жылдардын бири. Мансаптык өсүштө да, жеке турмушта да ийгилик  коштойт. Эң башкысы, Доңуздун башкы сапаты – эмгекчилдикти унутпагыла. Баштаган ишти аягына чыгарып, ар бир аракетке тыкыр мамиле кылуу керек. Жакындарына аяр мамиле жасаганы дурус, урушуп кетсе, биринчи кол сунбаса, түшүнбөстүк узакка созулат.

Коен жылында (1963, 1975, 1987, 1999, 2011) туулгандар үчүн: жаман эмес жыл, ар кандай араздашуулардан алыс болгонуңар оң. Бирок эмнегедир дал ушул жылы Коендордун кыялы чукул келип, урушкусу эле келип турат. Сабырдуулук жан шеригиңиз болууга тийиш. Соопчулук иштерин көп жасаганыңар туура. Эки оттун ортосунда калбагандай болгула. Ач көз болуп, ашыкча каражат табуу менен алек болбогонго аракет кылгыла.

Улуу жылында (1964, 1976, 1988, 2000, 2012) туулгандар үчүн: оңой жылдардан болбойт, бирок кызыктуу өтөт. Алдын ала план түзүп алып иш алып барганыңар оңдуу – ар бир нерсени ийне-жибине чейин кылдат ойлоп иш кылгыла. Үй-бүлөгө, бала-бакырага көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Майда-чүйдө нерселерге кейип кепчибей, илгери үмүт менен жашаганга не жетсин. Тууган-туушкандар менен алака-катышта болгонуңар жөн.

Жылан жылында (1965, 1977, 1989, 2001, 2013) туулгандар үчүн: эки-жакты карап, абайлап жүрүү керек, сактыкта кордук жок, сак болгонуңар орундуу. Эки жакка чарпылбай, эч кимге тийишпей тынч өмүр сүргөнгө ылайыктуу. Бирок өз талаптарыңардан да баш тартып койгон болбойт. Турмуштагы ордуңарды чечкенге аракет кылгыла. Бу жылы ташыңар өйдө кулайт. Талыкпаган эмгек гана керек. Эс ала билгенди да унутпагыла.

Жылкы жылында (1966, 1978, 1990, 2002, 2014) туулгандар үчүн: жалкоолонуп койгонго уруксат, жумуштан эс алып, ден-соолукту карай турган мезгил. Жеке турмушка көбүрөөк көңүл буруу керек. Ушак-айыңдан алыс болуп, башкаларга кубаныч тартуулаганга аракет кылгыла, бу да болсо, ден-соолугуңага жардам берет. Байлык-бийликти ойлонбой эле койгонуңар оң.

Кой жылында (1967, 1979, 1991, 2003, 2015) туулгандар үчүн: ишиңерде, сүйүүдө, жеке турмушуңарда көп ийгиликтер коштойт, өзүңөр самаган нерселерге умтулуп, жүзөгө ашырсаңар болот, мындайча айтканда, “колуңарга карга чыча турган” учур. Көбүрөөк эмгектенип, ар дайым көңүлүңөр көтөрүңкү болуп, жакшы тилектерди айта жүрсөңөр эле, бардыгы орундалат.

Мечин (маймыл) жылында (1968, 1980, 2004, 2016) туулгандар үчүн: кызыктуу окуяларга бай болот, атүгүл алардан чарчап да кетесиңер. Ошондуктан эс алуудан да эс алганды билип, өзүңөргө кошумча жүк албагыла. Колуңардан келбеген ишке кийлигишип, бирөөгө кеңеш айтуудан да алыс болгонуңар жөн. Чечилбей турган маселелер көп болот, бирок аларга жеңил карагыла. Жакын адамдардын көңүлүн оорутпай, учурунда кечирим сурай билгиле. Ашыкча аракет кылуудан  жана жалкоолуктан алыс болсоңор эле, иш оңунан чыгып турат.

Тоок жылында (1969, 1981, 1993, 2005, 2017) туулгандар үчүн: окуяларга бай, бирок оор жылдардын бири болот. Үй-бүлөгө, жакындарыңарга көп көңүл бурууга туура келет. Жеке жашооңорду да унутпагыла. Балкыган сезимдерге туш болушуңар мүмкүн. Байлык артынан сая түшпөй, көбүрөөк рухий окууларга көңүл бурганыңар оң. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп алуудан алыс болгула, алардын нааразы болгону – силердин ишке зыяны тийиши мүмкүн. Ден-соолукту карагыла.

Ит жылында (1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018) туулгандар үчүн: бу жыл сүйүү сезимине чулганат, жеке мамилелер биринчи орунга чыгат. Доңузга ишеним артсаңар, көп маселелер жеңил чечилет. Токтоо, сабырдуу болгонуңар оң. Кандай иш болбосун, чыгармачылыгыңар күчөйт. Саякатка чыгууга ыңгайлуу жыл. Ден-соолукка көп көңүл бурууга туура келет. Жакшы, пайдалуу адамдар менен достук күтүлөт.

Доңуз жылында (1959, 1971, 1983, 1995, 2007) туулгандар үчүн: бул силердин жылыңар, демек, ушуну менен эле бардыгы ойдогудай болот. Эң башкысы: эмгекчил, чынчыл, берешен болсоңор, кыйынчылыктарды оңой жеңесиңер. Иштин бардыгын тең салмакта карап, башкаларга да калыс болгула. Эң башкасы ден-соолукка көбүрөөк көңүл бурушуңар керек болот.

Чычкан жылында (1960, 1972, 1984, 1996, 2008) туулгандар үчүн: жеке турмушуңарда жагымдуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Бирок чыныгы акчалай кризисти ушул жылы сезесиңер. Көп эмгектенге туура келет. Иш тандап кереги жок, колдон келгендин баарын кыла берүү керек. Жакындарыңар жардам берет дечи, бирок кыйынчылыктарга даяр тургула. Керт башыңарды эле ойлой бербей, башкаларга жардам берүүгө аракет кылсаңар, алардын тилеги силерге да жугушат.

Даярдаган Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.