Жалаң “Ж” тамгасы менен кыргыз элин куттуктаган таластык жигит

Жалаң “Ж” тамгасы менен кыргыз элин куттуктаган таластык жигит

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын тургуну Жакшылык уулу Мирлан кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылын жалаң «Ж» тамгасынан куралган тамга менен куттуктады. Ал төмөндө:

«Жакшысыздарбы! Жергебизде жашаган жакындарым, жоро-жолдошторум жана жердештерим! Жадырап жакындаган Жаңы жылыңыздар жалпыңыздарга жалаң жакшылыктарды жылоолосун. Жаңырган Жаңы жылда жетекчилер жергебизге жалаң жакшы жумуштарды жасашсын. Журналисттер жалаң жагымдуу, жакшы жаңылыктарды жазышсын. Жакшылыктар жамгырдай жаасын. Журтубуздун желеги жогору желбиресин! Журтубуздун жолборс жүрөк жалындуу жаштары жетилсин. Жаштарга жалкоолук жолобосун. Жеткинчектердин жылмаюсу жазылбасын. Жоогазындар жадырап жайнасын.

Журтубузга жалаң жакшылыктарды жазган жөнөкөй жигит Жакшылык уулу Мирлан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.