Өмүрү узун болгур Өмүрбек Бабановду партиялаштары куттуктады!

Өмүрү узун болгур Өмүрбек Бабановду партиялаштары куттуктады!

Төрт баланын атасы, “Республика” партиясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн 49 жашка чыкты. Бүгүнкү салтанаттын күнөөкөрүнө партиялаштары куттуктоо жөнөтүштү. Ал төмөндөгүдөй:

“Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз сиздин чынчылдыгыңызды, адамгерчилигиңизди, жоопкерчиликтүүлүгүңүздү жана адискөйлүгүңүздү жогору баалайбыз! Сиздин ушундай сапатыңыз бизге үлгү болуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө дем-күч берсин.

Сизди жакшылыктар, бактылуулук жана миллиондогон мекендешиңиздин ишеними дайым курчап, түгөнгүс дем берсин. Бардык кыйынчылыктар артта калып, сиздин чогулткан тажрыйбаңыз Кыргызстандын алдыга жол баштоосуна, өнүгүүсүнө кызмат кылсын!

Чын жүрөктөн сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ачык маанай жана эл үчүн кылган кызматыңызга ийгилик каалайбыз!”

Терең урматтоо менен,
«Республика» саясий партиясы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.