Келдибеков менен Шакиевдин телеканалы Бакиевди мактагандыгы үчүн УКМКдан эскертүү алды

Келдибеков менен Шакиевдин телеканалы Бакиевди мактагандыгы үчүн УКМКдан эскертүү алды

НьюТВ менен НурТВ телеканалдары кечээ, 30-июлда Курманбек Бакиевди ашкере мактап, жактап, куттуктаган тасмаларды көрсөткөн. Ал жоруктары үчүн алар бүгүн, 31-июлда УКМКдан эскертүү алды.

УКМК: “Коомду тирешүүгө алып келүүгө жол бербейбиз!”

УКМК тараткан билдирүүдө: “Ар кандай маалымат булактарында качкын президент Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон материалдар тууралуу УКМК төмөнкүнү билдирет. Мындай мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп жазылган. Андан тышкары, УКМК Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун баса белгилеген.

Эртең Минскиге кимдер барганы жатат?

Качкын Курманбек Бакиевдин эртең туулган күнү, ал 70 жашка толот. Ошонун алдыда баягы өзү менен чогуу жүрүп, чогуу туруп, жакшы кызматтарда иштеген Ахматбек Келдибеков (Нур ТВ. Бул каналынан өзү да бат-бат чыгып турат, бир нерсе айткысы келсе эле чыга берет — авт.) менен Нурлан Шакиев (Нью ТВ) кечээ өздөрүнүн телеканалдары аркылуу Бакиевди мактатырышты. Укмуш эми, Бакиевдей президент жок экен бу дүйнөдө. Алар 2010-жылы элди атып кетип, Ак үйдүн алдын канга боеп кеткенин унутуп коюшкан… Алардын эсине сала кетсек, 2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Ошол бойдон Беларустун борбору Минск шаарында жашап келет. Ошону билип туруп Атамбаев аны алып келип жоопко тарта алган жок. Алты жыл бою аны жамандап эле келди, жамандагандын ордуна аны Кыргызстанга алып келип, жоопко тартышы керек болчу. Анте алган жок. Анын боштугунан улам анын жактоочулары ачыкка чыгып алды. Минскиге анын жактоочулары бат-бат эле каттап тураарын деле Атамбаев жакшы билчү. Мына дагы эртең Бакиевдин мааракесине бу жактан саясатчылар (А.Келдибеков, У.Ормонов барат деген имиштер бар – авт.) ырчылар (Б.Борбиев, Б.Токторовдун барары да айтылуу – авт.) барары айтылууда. Аны эртең эле жактоочулары өздөрү аны менен сүрөткө түшүп, видеого тартып, социалдык түйүндөргө таратаары турган иш.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.