Салянованын Кыргызстандан операция болуудан баш тартканынын себебин тууганы түшүндүрдү

Салянованын Кыргызстандан операция болуудан баш тартканынын себебин тууганы түшүндүрдү

Бүгүн, 31-июлда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып жаткан Аида Салянова Кыргызстандан операция жасатуудан баш тартканы тууралуу маалымат таратты. Алардын айтымында, учурда Салянованын абалы туруктуу. №1 тергөө абагында мекеменин дарыгерлеринин көзөмөлүндө, стационардык дарыланууга муктаж эмес.  ЖАМКнын ушундай маалыматынан кийин, Аида Жеңишбековнанын сиңдиси Чынара Турдалиевага кайрылып, жооп алдык. 

— Чынара, кечээ эжеңиздин абалы начарлап, жүрөгүнө тезинен операция болуу керектигин айттыңыз эле. Ага чейин адвокаты айткан жана айтууда. Бүгүн болсо ЖАМК: “Салянова Кыргызстандан операция болуудан баш тартып койду”,-деген маалыматты таратты. Баш тартуунун себебин түшүндүрүп бересизби? 

— Эми ЖАМК дайыма эле “ден соолугу жакшы” деп эле келатпайбы, аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Ал жерде ЖАМКда кардиолог жок. Анан кантип ушул сөздү таратышты? “Кыргызстандан операция болуудан баш тартып койду”,-деп атышат. Анын себебин түшүндүрүп берейин. Биз эжемдин ден соолугун, акыбалын жакшы билебиз. Тез арада ооруканага жаткырылып дарыланууга муктаж. Бирок,  ЖАМКнын дарыгерлери: “Биз Сизди операцияга кылганга гана жаткыра алабыз”,- деп шарт коюптур. Ойлонуп көрсөңүздөр, азыр доктурлардын саясатташып кеткенин көрүп, ким өмүрүн  тобокелге салат!? “Биз операция үчүн эле жаткырабыз” дегенинин өзү кысым эмеспи?! Анан аргасыздан эжем: “Мен операцияны башка өлкөдөн жасатам”,- деп айтыптыр. Мен ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айткым келүүдө, антип бүтүм чыгаргыдай (дагы бир жолу кайталайм), аларда кардиолог жок. Кардиолог жок болгондон кийин, аларга ошондой бүтүм чыгарууга укукту ким берди?

Мына ушундай, окурман! Ал жердеги саясатташып кеткен иштерди өз көзү менен көрүп, баарын баамдап, билип жаткан Аида Жеңишбековнанын чечимин колдойбуз! Кудай өзү дем-күч, ден соолук, жардам берсин! “Ак ийилет, сынбайт!” дегендей, Салянова эч качан, эч нерсеге сынбайт жана аны эч ким сындыра албайт! 

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Салянованын Кыргызстандан операция болуудан баш тартканынын себебин тууганы түшүндүрдү

  1. салянова акталышы кпрпк эн жакшы калыс адам чыгаргыла сасыган чондор силеидин дагы энпнеи эженер бар алардагы ушундай акыбалда калса эмне кылат эленер оидуна койгула озунордун эже карындаштарынарды ,Салянова жакшы аиши болттулсун.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.