Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Билим берүү министри болуп иштөө — тайраңдап доор сүрүү эмес”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Билим берүү министри болуп иштөө — тайраңдап доор сүрүү эмес”

Кечээ,  4-сентябрда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Сүйүнгөн социалдык тармактын колдонуучулары ал кызматка өзү жактырган адамдардын атын атай баштады. Алардын арасында экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин да аты аталды. Ошондон улам, профессорго суроо узаттык.  

— Каныбек Осмоналиевич, Билим берүү министринин орду бош калаары менен толтура адамдын ысымы аталууда. Алардын арасында сиздин да атыңыз бар. Эгерде бул кызмат сунушталса министр болуп барат белеңиз?

-Мен өмүрүмдө кызмат акмалап көргөн киши эмесмин. Бирок, өзүмүн кадырымы жана баркымы билем. Ал көпчүлүккө маалым. Ким болбоюн илим жана билим берүү ишине күйгөнүм-күйгөн!

-Билим системасынын уюткусу эмне деп ойлойсуз?

-Билим системасынын уюткусу — бул мектеп. Анын эки гана субъектиси бар: мугалим менен окуучу! Мамлекет өз саясатын ошол экөөнүн гана айланасында жүргүзүүсү абзел. Бул милдетке мектеп имараты, окуу куралдары, мугалимдин социалдык статусу кирет. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн министр өлкөдөгү баардык ресурстарды тартууга жөндөмдүү болуусу керек. Билим берүү министри болуп иштөө тайраңдап доор сүрүү эмес. Бул — азыркы терең кризистик абалдан татыктуу алып чыгып кетүүгө арналган азаптуу жана өтө жооптуу иш болуп калды!

-Мурунку министр кандай катачылыктарды кетирди деп ойлойсуз?

-Системалуу катачылыктар көп кетирилди. Бул доомат 2010-жылдан бери иштеген министрлерге тең таандык деп ойлойм. Алардын иш стилдери коёндой окшош болду. Анткени, алар үчөө тең мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй кадрлары эле. Алар ошол кездеги «башкы идеолог «Фарид Ниязовдун жетекчилиги менен президенттин астында түзүлүп, билим берүү системасына чоң бүлүк салган «Совет по образованию и науке» аттуу түшүнүксүз жана мыйзамсыз түзүлмөнүн «күжүрмөн желдеттери» болушкан. Бул «феномен» укук коргоо органдары тарабынан дагы көп изилденип, тергелет го! Чоң катачылыктар, менимче, сапаттуу билимди сабаттуу кадрлар гана жасайт деген түшүнүктүн ойрон болушу; кадрлар маселесинде тааныш-билиш, илик-чатыш оюндары күчөп кетти; окуу жайларындагы лицензиялык жана аккредитация/аттестациялык талаптардын талкаланышы; мугалимдин социалдык статусунун начарлашы; укуктук-нормативдик документтердин баардык түрлөрүнүн башаламандыгы жана сапатсыздыгы ж.б.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.