Өкмөт башчынын сунуштаган талапкери Исаков — билим берүү министри болууга татыктуубу?

Өкмөт башчынын сунуштаган талапкери Исаков — билим берүү министри болууга татыктуубу?

Билим берүү жана илим министринин орду бош калгандан бери социалдык тармакта далай кишинин аты аталды. Алардын арасында Ош МУнун ректору Каныбек Исаковдун да ысымы бар болчу. Дал ошол кишиге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да токтоптур. Тагырагы, Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөнү тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош МУну жетектеп келет.

Эки жыл министр болгон Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан бошотулган. Ага эки жыл чыны эл, айрыкча ата-энелер ыраазы болбой, көп нааразычылыктарын айтып, кызматтан кетүүсүн талап кылып келишкен. Анын кетирген каталарын белгилей кетсек, басылып чыккан окуу китебинде, окуучулардын, студенттердин документтерде одоно каталар, тендерге байланыштуу нерселер көп болгон. Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукту дүрбөлөңгө салды, алигүнчө кызуу талкууда…

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Билим берүү министри болуп иштөө — тайраңдап доор сүрүү эмес”

Бул кызматка аты аталгандардын ичинде профессор Каныбек Осмоналиевич да ысымы бар болчу. Анын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.