Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги жасалыптыр. Эми окшошуптурбу?

Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги жасалыптыр. Эми окшошуптурбу?

Айтылуу актер, мыкты сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели пайда болгонун С.Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов кабарлады.

Ал “Фейсбуктагы баракчасына: “Сүрөтчүлөр Союзунун «Художественный фонддун» жетекчиси Жаныш Бакирович Жанмурзаевге, өзүмдүн атыман жана «Сүймөнкул Чокморов» фонддун атынан, скульптор Азамат Абдрахмановго эстеликти жасаганга жакшы шарт түзүп берип жатканына чоң ырахмат айтам жана чыгармачылык иштерине ийгилик каалайм.
Урматтуу ФБдагы достор, миң деген С.Чокморовдун таланты менен сыймыктангандар, «Худсоветтен» мына эми бүттү” деп бекитмейинче эч бир адамдарга көрсөтпө, сөз менен жаман көз тийет” деп суранышты эле. Бирок, мен көпчүлүктүн ой-пикирин билейин деген ниетте эстеликти талкууңарга салдым
”,-деп жазып, 20дай жасалган айкелдин сүрөтүн жүктөдү.

Мурдагы айкели кайда жасалып, ага канча каражат кеткен?

Эскерте кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 2017-жылы тургузулган. Айкелдин ачылыш аземи ошол эле жылдын 9-ноябрында, актердун туулган күнүндө карата ачылып, ага андагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчилер, чыгармачыл адамдар катышкан.

Эстелик Уралда (Россия) Иван Дубровин чеберканасында жасалган.  Чеберкананын жетекчиси Иван Дубровинден эстелик канчага турганын журналисттер сураганда, ал: “Каржы маселеси жабык бойдон калсын. Бул кыргыз-россиянын биргелешкен иши. Эстеликтин салмагы 600 килограммды түзөт. Дүйнөдө жогорку сапаттагы эстеликтерди жасай турган атайын көркөм колодон жасалды”,-деген.

И.Дубровин каржыны жашырганы менен С.Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” айтканы бар. Анын айтымында, айкелди жасоодо скульптор Алмаз Кожогулов менен 3 млн. сомго келишим түзүлгөн, бирок ал акча толугу менен төлөнүп берилген эмес.

Ал эми  ал айкелдин автору Алмаз Кожогулов эстелик коюлганда, эмнеге мындай образга токтогону боюнча журналисттерге айтып берген. “Мен Сүймөнкул Чокморовду Чүй проспектисинде шляпа кийип, сейилдеп жүргөндө көрүп калчумун. Мен анны дегеле шляпасы жок эч качан көргөн эмесмин. Ошондуктан ушундай образ түзүүнү чечтим”,-деген автор.

Бирок…

Бирок, ал айкел элге жаккан эмес. С.Чокморовдун келбети окшошпой калганы боюнча социалдык тармактарда чоң талкуу болуп, катуу сынга кабылган. Атүгүл айкелди алып салууну талап кылгандар да болгон. Ошентсе да, ал айкел дагы деле Ала Тоо аянтында турат. Балким, бул жаңы жасалган эстелик элге жакса, анын ордуна туруп калаар…

Майрам Акаева уруксат бергенде, айкели эрте эле турмак..

Сүймөнкул Чокморовдун улуу агасы Намырбек Чокморов инисинин эстелигин койдура албай, чуркап жүрүп өттү. Ардактуу атабыз ал эстеликтин жерине Майрам Акаева уруксат бербей жатканын айтып калганы бар эле. Ал эми өзүнчө чоң тема. Буга да кайрылабыз, анткени, анда да айкелине деп чогулган акчаны жетекчилик «жеп» кеткен.

Агасы Намырбек атанын айтымында, алардын түбү Талас, уруусу Жетиген. Намырбек ата «Сүймөнкул Чокморов» аттуу китеп жазган. Ошондо баары жазылган. Аны да жакында сайтыбызга четинен бере баштайбыз.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ал көптөгөн киного тартылып, мыкты роль жараткан. Мыкты актер эле эмес, мыкты сүрөтчү да болгон. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан, кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. Улуу талант узак оорудан улам, 1992-жылы 26-сентябрда, 53 жашында каза болгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.