Тамара ТОКТОМАМБЕТОВА, жубайы: «Табылды кыргыз поэзиясына жарк этип келип, жалп этип өчтү»

Тамара ТОКТОМАМБЕТОВА, жубайы: «Табылды кыргыз поэзиясына жарк этип келип, жалп этип өчтү»

Эсен болуп, эстей жүр!

Биз бүгүн айтылуу акын, журналист Табылды Мукановду эскермекчибиз. 36 жашында кеткен агабыздын көзү өткөнүнө 36 жыл болуптур. Көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак экен. Залкар талантка көзү өткөндөн кийин Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ордолуу Ош шаарында Табылды Муканов атындагы “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйү  бар. Аны тогуз жылга чукул бирге түтүн булаган экинчи жубайы Тамара Токтомамбетова түптөгөн. Улуу таланттан калган эки уулун, бир кызын тарбиялап, эрезеге жеткирип, турмуш тууруна кондурган эжебиз менен акындын ары татаал, ары кызыктуу өмүрүн эскердик.

 — Тамара эже, маекти алгачкы таанышкан күнүңүздөрдөн баштасак?

— Экөөбүз таанышканда мен кыргыз телерадио компаниясында режиссердун жардамчысы болуп иштечүмүн. Бир бөлмөдө чогуу олтургандар: “Азыр эле бизге кирип чыккан Табылды Муканов деген акын жигит”,-деп айтышканы эсимде. Табылды бизге көп келчү болду. Анда мен Төкөлдөштө турчумун, кайда жашаарымды билип алыптыр. Ал менден мурда инимди, сиңдимди колго алыптыр, бара-бара ынак болуп кеткенбиз. Табылды менен 8 жыл, 8 ай чогуу бирге түтүн булаттым. Бактылуу күндөр өттү. Эки уул, бир кыздуу болдук. Маркум агайыңар балдарын жанынан артык көрчү. Элдияр, Элзат, Эрлан  болсун деп үчөөнүн ысымын өзү атаган. Эң өкүнүчтүүсү Эрланыбыз 7 айында атасыз жетим калды. Тагдырдын жазмышына баш иймек бар тура. Бирде ыйлап, бирде күлүп, балдарымды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойттум. Үчөө тең жогорку билимдүү адистер. Элдияр юрист, Бишкекте иштейт, Элзат экономист, Эрлан тилчи, экөө Ошто, жанымда. Үй-бүлөлүү болушту, неберелеримдин чоң энесимин, таянесимин. Табылдыдан калган үч туякты эли-журту, ага-туугандары менен тааныштырсамбы деген изги тилегим бар. Буюрса, агайыңардын чыгармачылыгына кайрылып, туулуп-өскөн жерине барып эскерүү кечесин уюштурсакпы деп турам. Сааты чыккан күнү ишке ашып калаар. Табылды 36 жашында кайтпас сапарга кеткен. 35 жылдан кийин, былтыр, 2-октябрда Т.Сатылганов атындагы филармонияда эскерүү кечеси өткөн. Кыргыз поэзиясына жарк этип кирип, жалп этип өчкөн Табылды Муканов 1983-жылы капилеттен бу жарыкчылык менен түбөлүккө коштошуп, кайра кайтпас сапарга кеткенин окурмандары, күйөрмандары, тели-теңтуштары жакшы билет. Табылды өлүмдөн кабары жок кетти. Өзү деле каргашалуу окуяга кандайча кабылганын сезбей калды окшойт. Кандай айтсам да өтөөр иш өтүп, болоор иш болду. Маңдайына жазылган жазмышы ушундай өкүнүчтүү, армандуу экен, өзүмдү сооротоор айлам, аргам жок.

-“Кайран иним Табылды.

Кайдан ажал табылды?

Желегимдей көрчүмүн,

Жепирейген тамыңды”,-деп белгилүү акын Биримкул Алыбаев жазгандай, үйүңүздөргө чыгармачыл инсандар, достору көп келишчү беле? Кимдер менен ийиндеш, үзөңгүлөш жүрдү?

-Табылды экөөбүз чогуу түтүн булаткан үйүбүздү сагынаарымды, Биримкул Алыбаев сүрөттөгөндөй жепирейген тамыбыз көзүмө ысык көрүнөт. Коломтобуздун оту эрте өчпөйт деп ойлогон элек…

Достору көп болчу. Анатай Өмүрканов, Асан Жакшылыков, Аман Токтогулов, Шайлообек Дүйшеев, Курбаналы Сабыров, Эгемберди Эрматов, Алым Токтомушев ж.б. менен Табылды чогуу жүрүштү, ынак достордон эле. Аларды акындык дүйнө бириктирип тураарын билчүмүн. Айрыкча “Чолпоняна, Тамаряна күзгүңөргө бир көрүнүп алайынчы”,-деп тамашалап Рамис Рыскулов бизге байма-бай каттачу. “Чачтарым чаң соргуч, Фрунзенин тазалап турат. Саптары иттин бутундай”,- деп Рамис агайдын салыштырууларына боорубуз эзилгенче, көзүбүздөн жаш чыкканча күлөөр элек. Табылды экөө билек күчүн сынашып күрөшө да кетишчү. “Табылды, сен менден кыйын акынсың, сенден жеңилгенден арданбайм, сенде билек да, билим да бар”,-деп Рамис агайдын айткандары кантип эстен чыксын!

-“Табылды Муканов  жалындуу жаштыгын, башкаларга эч окшобогон табият тартуулаган талантын пайдалана алган жок, үзүрүн да көрбөдү”,- деген кептин учугу дале үзүлө элек. Ушундай пикирлерге кошуласызбы? Эмне үчүн Жазуучулар союзуна мүчө болгон жок?

— Жазуучулар союзуна өтөм деп улунуп-жулунган жок. Табылдынын мүнөзү ушундай болчу, ал эч качан кимдир бирөөлөргө жасакерленгенди, жеке кызыкчылыгы үчүн керектүү адамдарды пайдаланганды билчү эмес. Ал  үчүн кыялында багып, бапестеп жүргөн чыгармаларын кагазга түшүрүүдөн өткөн ыракат жок болчу.

-Көзүнүн тирүүсүндө канча китеби чыкты?

-Көзүнүн тирүүсүндө “Шуру жоготкон кыз”, “Каректеги жер”, “Жүрөктүн кагышы” чыккан. Көзү өткөндөн кийин, “Жан дүйнө”,  “Арчадай жашыл элем” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. “Жан дүйнө” ырлар жыйнагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыган. Акын Үрниса Маматова Табылдынын жаркын элесине арнап:

Жаштыгың, сүйүүң  ак жалын,

Жалбырттап туруп өчкөн от.

Жылытпай жанын башканын,

Жапжалгыз күйүп өткөн от”,- баш сөзү менен “Өчкөн от” аттуу даректүү китеп чыгарды.

— Агайдын ырларын жатка билесизби? Кайсыл ыры сиздин жандүйнөңүзгө жакын?

-Ырларын жатка айта албасам да уютулган алтындай болуп көкүрөгүмдө тураары анык да. Ал лирик акын болчу, турмушунда кандай болсо, жашоого кандай ой жүгүртсө ошонун баарын чыпчыргасын коротпой, төкпөй-чачпай ар бир жаңы жазган ырлары аркылуу ачып берүүгө ышкысы күч эле.

Сен кадап берген топчу,

Жаркырайт атаар таңдай, таң Чолпондой.

Ылайым үзүлбөсүн ошол топчу,

Ылайым кадабасын башка бирөө”,-деген жөнөкөй, бирок, көп ойду камтыган “Топчу” аттуу төрт сап ырын мен эле эмес, көптөр жактырчу. Жазам деген ырларынын темалары гана калды. Табылды тема тандоого өтө чебер эле, ырларынын ар бир сабына өзгөчө аяр мамиле жасачу. “Акындын дүйнөгө болгон суктануусу жоголбосун. Ал бул дүйнөгө башка планетадан келген адамдай бардыгын биринчи ирет көрүп жаткандай, таза, тунук сезсин, бирок бардыгын эле поэзияга сүйрөп кирүүгө болбойт”,-деп айтканындай, ал өтө сезимтал адам болчу. Табылды табиятка жакын эле, жүзүнөн нур төгүлүп турчу. Кара-Кулжага кайын журтуна барганыбызда ат минип  чаптыргандан, тоолорго суктангандан ыракат алып, кумардан канаар эле. Күндө эртең менен муздак сууга (жайы, кышы дебей) жуунчу. Сууну болсо өзү ташып келчү. Тамакты даамдуу жасачу. Анын өзгөчө касиеттерин эч унута албайм. Экөөбүз чукчуңдаша кеткенибизде, ал тез жазылчу. Жакшы эле коркутуп, сүйлөшпөй коеюн десем, алды-артыма чыгып, таарынчымды жазып алчу. Өз боюна тыкан эле. Ал жупуну кийинсе да, анын сымбаттуу келбети ажарын ачып турчу. Тармалдашкан коюу  чачы,  капкара кашы, жазы маңдайы бир көргөн адамды өзүнө тартып, арбап алаар эле.

Биз баш кошкон жылдары Табылды “Мугалимдер” гезитинде иштечү. Сырдашчубуз, балалык күндөрүбүздү эске салчубуз. Көбүнчө анын акындык таланты, кабарчылык иши тууралуу сөз болчу. Жазып бүткөн, оюнда багып жүргөн ырларын менин сынымдан өткөрчү. Чыгармачыл адамдар бала кыял, жандүйнөлөрү кирсиз асмандай таза, тоо булагындай тунук келишет эмеспи. Табылдынын мүнөзү да жаш баланыкындай эле, “бул ырың мыкты болуптур” десем, ал күнү айтаарга сөз таппай кудуңдап, кубанып калчу.  “Ала Тоо”, “Октябрь” кинотеатрларына кээде киного барчубуз, көргөн тасмаларыбызды “кызыл чеке” болуп талашып-тартышып, талкуулачубуз. Экөөбүз бирге барып көргөн кино тасмалардагы окуялар азыр деле эсимде.

— Кечиресиз, Табылды агайыбызды унутайын деген ниетте жер которгон жок белеңиз? Бишкектен Ошко келип калганыңыздын себеби болсо керек?

— Ар бир иште сөзсүз себеп болот да. Бишкектин кайсыл бурчуна барбайын, айрыкча борбор көчөлөрүн аралабайын Табылды менен өткөн күндөр көз алдыма тартылып, көөдөнүмө батпаган ага болгон сагыныч, кусалык жүрөгүмдү эзе берчү. Жер которуп кетүү керектигин ойлоп, бирок ага жол таппай жүргөм. Анан эле Ошко сунуш болуп калды. Тагырагы, Чүй мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ачылгандан кийин, агездеги ректор, маркум Султан Мамбеткалиевдин сунушу менен кызмат ордумду өзгөртүүгө туура келди.

— Жер которгондон кийин кусалыктан жеңилдей алдыңызбы?

— Жок, кайдан? Азыр деле Бишкекке барганымда жаңы автобекеттин бет маңдайындагы Павлодар көчөсүндө экөөбүз жашаган үйүбүз көзүмө бир башкача ысык, жакын көрүнөт. Жаштык кылыптырмын, анын үстүнө агайыңардын ойго эмес, үч уктасам түшүмө кирбеген бейажалы акылымды алып коюптур, үйүбүздү тарттырып жибердим. Эми деле мыйзамдаштырсам болот, ага убакыт керек.

— “Алтын уя” кандайча пайда болду эле?

-1991-жылы “Табылды Муканов” атындагы адабият, маданият, илим-билим иштерин колдоо фондун алгач түзүп, 2001-жылы “Табылды Муканов” атындагы балдарды коргоо фондун ачтым. Жакшы адамдардын колдоосу, коргоосу менен “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн пайдубалын түптөдүм. Табылды жетим өскөн, ата-эне мээримин ал жакын туугандарынан алган. Жетимдиктин азабын, ата-эне мээримин, бир туугандык сезимдин асылдыгын агайыңар терең түшүнчү. Табылдынын оор тагдыры, анын өзгөчө жетим-жесирлерге үйрүлүп түшкөн астейдил мамилеси, жанда жок боорукерлиги мага катуу таасир калтырса керек, балдар үйүнө анын ысымын ыйгарсам деген тилегимди акыры ишке ашырдым. 2006-жылдан бери “Алтын уядагы” балдарыма ата ордуна ата, эне ордуна эне болуу жоопкерчилигин мойнума алып келатам. Бул оор жүктү, түйшүктү көтөрө билүү кыйын, аны түшүнгөндөр түшүнөт. Бирок маңдайыма ушундай тагдыр буюруптур. Баштаган ишимди ара жолго калтырып салбоо аракетин көрүүдөмүн. Табылдынын арбагы ыраазы болсо керек деп ойлойм. Ал тирүү болсо оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, оюма ой, максатыма максат, тилегиме тилек кошмок.

Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА

Өмүр баяны

Акын, журналист Табылды Мукановдун өмүр баянын Интернеттен издеп көрсөк, болгону ушул гана экен. «Т.Муканов Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 1946-жылы, 17- январда туулган. 1965-жылы Ак-Суу районундагы орто мектепти аяктап, 1965-1970-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган. Эмгек жолун «Кыргызстан Пионери» гезитинде иштөө менен баштап, «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз туусу»), 1976-1980-жж. «Мугалимдер гезити» гезиттеринде эмгектенген. 1962-жылы «Жамгырдан кийин» аттуу алгачкы ыры «Жаш Ленинчи» журналына басылган. Макалалары, очерктери республикалык гезит-журналдарда жарык көргөн. 1988-жылы «Жан дүйнө» ыр жыйнагы Кыргызстан үчүн Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон«.

Башка эч нерсе табылбады. Балким, гезиттерде бардыр. Архивге барып, аны караганга убакыт болбоду. Маек келген соң, убагында чыгарууга туура келди. Дагы далай эскеребиз…

 Ырлары…

 ӨМҮР САПАРЫ

Адам жашап бүтпөгөн
Өмүр жатат алдыда,
Нурга жууруп жаштыкты,
Шыркыраган Күн менен
бирге чыккам чалгынга.
Балким ажал тытылган
кара туусун булгалап
жылдыздарды өчүргөнү жаткандыр.
Сезимдерди гүлдөтүп,
Жылдыз, жылдыз–
Көзгө жааган ак жамгыр!..
Аалам–адам чаңкаган
океаны өмүрдүн,
Анын ширин толкунуна чөмүлдүм.
Жаш жүрөгүм–алтын кайык
Күн отурган түнгө сүртүп жарыгын.
Барик байлап мен өстүргөн кыялдар,
Жылдыздарга жайылууда тамырым!
Жалт беремин ажалдын
суук чилдесин
көктөп турган көңүлүмө түшүрбөй.
Канды демеп толтого,
А, күн нуру энекемин сүтүндөй
агып турат диркиреп…
А жер неге ичиркенип силкинет?
Атом?.. Бомба?..
Сезимдерден чарт дей түшкөн чагылган.
Жерди аяп кетемин.
Кана жыттап көөдөнүнөн,
Жөлөк тутуп ашууларын ак кардуу,
Сапар чеккем,
Элесимди калтырып,
солубаган булагына жаш даамдуу…
…Өмүрүмдү Ай, Чолпонго ыргыткам,
Жерде калып: мен жалооруп…
Жылдыз учкан мүнөттөр…
О, күн нуру–улуу жол.
түнт ааламдын элегинен түз өткүр!
Азыр мени тартып барат өзүнө
О не деген планета–
О не деген жүрөктөр!!!

 УЯҢДАР

Баарынан этияттап четтейсиңер.
Бирок да коркпойсуңар, чочуйсуңар.
Батынып бир маселе чечпейсиңер.
Иймейген бир уялчаак кокуйсуңар.
Алсызды коргогонго барбайсыңар.
Башкага жакшы пикир айтпайсыңар.
Көйрөңдү көтөрө чаап алдайсыңар,
Митаамды далысынан чаап таптайсыңар.
Акмакты акмак дешти билбейсиңер,
Айыбын көрсөңөр да катасыңар,
Иймейип чоң чатакка кирбейсиңер,
Уялып майдасынан качасыңар.
Байкуштар, силер кантип чыдайсыңар,
Кандайча жыргайсыңар уялгандан?
Уялып жаман ишти кылбайсыңар,
Жакшы иш да кылбайсыңар уялгандан,
Жер жүрсо шектүү карап токтойсуңар,
Кечирим сурайсыңар… чочуйсуңар…
Чынында силер такыр коркпойсуңар,
Антсе да уялчаак бир кокуйсуңар.
Бирөөнү сылыксыңар жемелебес,
Өрттөнүп уялгандан өлөсүңөр…
Жолуңар пейлиңердей кенен эмес,
Адам… жок силер адам сөрөйсүңөр…

ТААРЫНЫЧ

Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,
Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып —
көргөзбөй адамдарга, маңыроо Айга…
Бир гана мени жоктойт акын-арык
солууга күчү жетпей,
ташууга алы келбей.
Эх, андан бир стакан басып алып
кетем мен, кеткенде да келгис болуп.
Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып.
Ал кезде сен уйкунун кулу болуп,
дүйнөгө тынчтык бербей коңуругуң,
түшүңө сүйгөнүң чал болуп кирет
жакындап…
чечип бүтпөй колу курун…
Саа калат:
бөлмө-бөлмө аба калат,
түтүнү, күлү жатат чылымымдын,
бир тамчы жашым калат от жүзүңдө,
айрылып теңи калат ысык ырдын.
Ый калат,
күлкү калат… —
баары калат!
Аларды сен байлык деп баалабастан,
издейсиң жумшап мага кыйкырыгың
күз тоноп, кыш онтоткон кара бактан.
(Мен тургай бактар алек өзү менен,
каап, силкип таштай албай кышкы чакты…)
Туу кылып жүрөм, жаным, таарынычты,
Жер шарын бир чарк айланып чыккычакты,
Жер шарын чарк айланып чыккычакты…

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.