Эки баланы аеосуз тепкилеген бир туугандардын соту болуп, эки айга камалды

Эки баланы аеосуз тепкилеген бир туугандардын соту болуп, эки айга камалды

Бишкекте эки баланы аоесуз сабап, тепкилеп, милициялар кое берип жиберип, кайра изделип жаткан шектүү бир туугандар: Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда, таңга маал милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда, алардын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Шектүүлөр тергөө бүткөнчө Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалганын шаар милициясы билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эки бала катуу сабалып, оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын абалы азыр деле жакшы эместигин ата-энеси, бир туугандары билдирип, сабаган балдарга сот катуу чара көрүүсүн талап кылып келишүүдө.

Мындай каргашалуу окуя 28-августта болгон. Окуя кандай башталганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, видеосун көрсөңүздөр болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.