Зөөкүрлөрдүн милиция агасы камакка алынды. Сабалган балдардын туугандары президентке кат жазышты

Зөөкүрлөрдүн милиция агасы камакка алынды. Сабалган балдардын туугандары президентке кат жазышты

Бишкекте эки баланы кийиздей тепкилеген бир туугандардын (К.Сеитбеков менен Ж.Бапышовдун) милицияда иштеп жүргөн агасы Казыбек Бапышов кармалган.  Бул тууралуу УКМК бүгүн билдирүү таратты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Казыбек Бапышов кызматта турганда эки иниси балдарды аоесуз тепкилеген жерге жетип барып, милиция кызматкерлерине тоскоолдук жаратып, инилерин бошотуп кеткен деп шектелүүдө.

Эскерте кетсек, 28-августунда Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанында К.Сеитбеков менен Ж.Бапышов эки баланы катуу токмоктогон. Ал видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун талкуулап, сабаган балдардын жоопко тартылуусун талап кылгандан кийин, премьер-министр М.Абылгазиев менен ИИМ министри К.Жунушалиев өз көзөмөлүнө алгандан кийин, качып жүргөн бир туугандар милицияга келип, колго түшүп беришкен. Аларга кандай чечим чыкканын бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Бул окуядан кийин, бир туугандардын милициядагы агасы Казыбек Бапышов кызматтан кеткен.

Оор акыбалда ооруканада дарыланып жаткан балдардын ата-энеси, туугандары сабаган балдарды өмүр бою түрмөгө кесилишин талап кылып президентке кат жазып, бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранышкан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.