Жаңы төрөлгөн эки ымыркайды терезеден ыргыткан келинге кылмыш иши козголду

Жаңы төрөлгөн эки ымыркайды терезеден ыргыткан келинге кылмыш иши козголду

Мындай кейиштүү окуя 9-сентябрга караган түнү Өзбекстанда болгон. Наманган райондук төрөткана комплексинин имаратынын арткы короосунан жаңы төрөлгөн эки ымыркай табылган. Жаңы эле жарык дүйнөгө келген кыздар төрөткананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 2-сентябрда көз жарган келин кызынын буту тубаса майып экенин көрүп, андан кутулгусу келген. Ал төрөт үйүнүн экинчи кабатынан өзүнүн жана жанында жаткан келиндин кызын ыргытып жиберген. Анын кесепетинен эки ымыркай тең катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган. Бул факт боюнча «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен келинге кылмыш иши козголду. Өз чүрпөсүн өлтүргөн аял 15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал күнү уктап калган төрөт үйүнүн жооптуу кызматкерлерине да «кесиптик милдеттерин так аткарбаганы үчүн» кылмыш иши козголду. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 8 жылга чейин соттолушу ыктымал.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.