Кыргызстанда мектептен да мечит көп экен. Мечит курууга чектөө коюлдубу?

Кыргызстанда мектептен да мечит көп экен. Мечит курууга чектөө коюлдубу?

Бүгүн, 25-сентябрда, парламентте дин тутуу жана диний уюмдарды каттоого байланыштуу мыйзам долбоору каралып, диний маселе боюнча талкуу болду. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Депутаттар республикада канча мечит бар экенин сурашканда, Чотаев өлкө боюнча 2669 мечит каттоодон өткөнүн, каттоодон өтө элек мечиттердин так саны  300гө жакын экендигин айтты. Ошондой эле ал суроолорго жооп берип жатып, мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлгөнүн айтты. “Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүүнү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Эгерде көп болуп жатса, аймакта жашагандардын санына карап чек коюу айтылган”,-деди З.Чотаев.

Кыргызстанда 2265 мектеп бар

Бүгүн парламентте авариялык абалдагы жана контейнер мектептер, мектептеги башталгыч класстагы окуучуларга ысык тамак берүү маселеси да көтөрүлүп, талкуу болду. Депутат Н.Никитенко окуучулардын 40 проценти ысык тамак менен камсыз болбой жатканын жана алар авариялык жана контейнер мектептердеги балдар экенин айтты.

Кыргызстанда 2265 мектеп бар. Анын ичинен 1371 мектебинде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча акча бөлүнөөрү айтылган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.