Наталья НИКИТЕНКО: “Мектептердин 40 пайызында ысык тамак жок экен”

Наталья НИКИТЕНКО: “Мектептердин 40 пайызында ысык тамак жок экен”

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында “КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана министрликтин өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Депутат Наталья Никитенко: “Мектептердин 40 пайызында ысык тамак жок экен. Мындай маселе авариялык абалдагы жана контейнер мектептерде жаралып жатыптыр”,-деди. Ага Надира Жусупбекова жооп берип, бардык мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча аракет көрүлүп жатканын айтты. Ошентсе да, айрым мектептерде көйгөй бар экендигин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбей жатат, аларга таттуу токоч менен чай гана берилет экен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, Билим жана илим берүү министри Каныбек Исаков бүгүн парламентте ант берди. Ал бул кызматка 11-сентябрда келген, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. Эртеси премьер-министр М.Абылгазиев өзү ордуна алып барып отургузуп, аталган министрликтин аппаратынын эмгек жамааты менен тааныштырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.