Студенттер министрди майрамы менен куттуктап, “Биринчи мугалим” картинаны белек кылышты

Студенттер министрди майрамы менен куттуктап, “Биринчи мугалим” картинаны белек кылышты

Эртең, 5- октябрь – Мугалимдер күнү. Майрам быйыл бир күн мурун, 4-октябрда башталды. Эртең менен Т. Сатылганов атындагы улуттук филорманияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада өтүп, ага Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, сөз сүйлөп, мугалимдерди куттуктап, аларга сыйлык тапшырган. Түштөн кийин өзү сыйлык менен сыйланды. Тагырагы, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери министрди мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, белек беришти.

Айгерим ТАШТАНБЕКОВА: «Мугалим Дүйшөн мурунку муундун каарманы болсо, сиз бүгүнкү муундун каарманысыз»

Студенттер Каныбек Исаковго креативдүү идеялар, мыкты ойлор көп болушун каалап, айтылуу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы эпизод түшүрүлгөн картинаны белек кылып, себебин түшүндүрүшкөн.

Аталган университеттин 3-курсунун студенти Айгерим Таштанбекова: “Дал ушул сүрөт түшүрүлгөн картинанын сизге белек кылганыбыздын себеби бар. Өзүңүз жакшы билесиз, Чыңгыз Айтматов бул повестти биздин өлкөнүн калыптануусуна арнаган. Ал убактагы сабатсыздыкты жоюу үчүн, мамлекеттин өнүгүшү үчүн билимдүүлүккө умтулган адамдар пайда боло баштаган. Ошол учурдагы биринчи мугалим Дүйшөн агай китептеги повесттин каарманы болсо, бүгүн сиз биздин замандын каарманысыз. Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртып, жаңы баскычка жаңы муунду алып чыккан каарманы болушуңузду каалайбыз”,-деди.

Кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Жолугушуунун соңунда, министр Каныбек Исаков студенттерге ыраазычылык билдирип, алардын окууларына ийгилик, кең келечек каалады. Андан кийин, министрлик менен университеттин студенттик парламенти билим берүү тармагындагы студенттердин идеяларын колдоо жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

5 жылдан бери 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленип келет

Эскерте кетсек, 2014-жылдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев “5-октябрь мугалимдер күнү” деп саналган токтомго кол койгон. 5 жылдан бери жыл сайын 5-октябрда мугалимдер майрамдап келишет. Ага чейин Кыргызстанда мугалимдер күнү октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленчү. Негизи, бул күнү, 5-октябрда жүздөн ашуун өлкөдө мугалимдер күнү деп белгиленет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.