Каныбек ИСАКОВ: “Мугалим деген улуу атты – тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсан алып жүрөт”

Каныбек ИСАКОВ: “Мугалим деген улуу атты – тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсан алып жүрөт”

Бүгүн, 5-октябрь — Мугалимдердин майрамы.  Буга чейин мугалимдер күнү октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленчү. 2014-жылы, андагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев “5-октябрь  мугалимдер күнү” деген токтомго кол койгон. 5 жылдан бери, жыл сайын 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленип келет. Негизи 5-октябрда жүздөн ашуун өлкө мугалимдер күнү деп белгилешет. Бүгүн кыргызстандык мугалимдер да бул күндү белгилеп, майрамдашат. Мугалимдерди кесиптик майрамы менен Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков куттуктады.

— Ардактуу мугалимдер, кадырлуу билим берүү кызматкерлери жана сүйүктүү кесиптештер! Сиздер урматтуу билим берүүнүн устаттары, жүрөгүңүздөрдөгү жылуулукту, жан дүйнөңүздөрдөгү асыл баалуулуктарды, акыл-сезимиңиздердеги эң асыл сапаттарды жаштарга арнаган сыймыктуу да, ардактуу да, жооптуу да кесиптин ээси болосуздар.

Мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрүшөт.

Сиздер бүтүндөй өмүрүңүздөрдү, жан-жигериңиздерди жаштарга терең билим, татыктуу тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Күн сайын өзүңүздөрдүн билим казынаңыздарды байытып, тынымсыз изденип, ошол руханий байлыкты балдардын акыл-парасатына сиңирип, эгемендүү Кыргызстаныбыздын адам ресурсун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп келүүдөсүздөр.

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы реформаларга муктаж болууда. Алдыбызда билим берүүнүн сапатын көтөрүү, мугалимдин коомдогу кадыр-баркын, беделин жогорулатуу милдеттери турат.

Кыргызстандын билим берүү системасы өзөгүндөгү улуттук баалуулуктарын, кайталангыс улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү менен дүйнөдөгү билим берүү процессиндеги жаңылыктарга, технологияларга ачык болушу зарыл. Ал жаңыланууларды биз талдап, керектүүсүн иргеп алып, окутуу процессинде ыктуу пайдаланышыбыз кажет.

Кыргызстаныбыздын жаш жарандарын адамгерчиликтүү, мекенчил, боорукер, эмгекчил, гумандуу багытта тарбиялоого мээнетибизди арнайбыз.

Өлкөбүздө болуп жаткан өсүп-өнүгүүлөргө баарыбыз салымыбызды кошуп, ар бир адамга позитивдүү дух берип, келечекке карата бийик ишенимдерин жаратабыз.

Бүгүн билим берүү системасы жөнүндө коомдо айтылып жаткан ой-пикирлерге, сунуштарга дыкат кулак төшөп, кемчиликтерди оңдоого, ишибизди жакшыртууга, өнүктүрүүгө астейдил киришишибиз зарыл.

Биздин мойнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Өлкөбүздүн эң башкы байлыгы бул — адам капиталы. Адамдарды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын мыкты жаран, мыкты кесиптин ээси болуусу, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө таасирдүү салым кошушу — мугалимдердин эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу. Биз билим берүүнүн, илимдин жаңы багыттарын, жаңы векторлорун өздөштүрөбүз.

Урматтуу устаттар, мугалимдик кесиптин мыкты салттарын сактаганыңыздар жана улантып келе жатканыңыздар, устаттыктын улуу жолун жайылтканыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет. Ар бир окуучуңуздун жашоодогу ийгилиги, жетишкендиги Сиздердин эмгегиңиздердин акыбети деп билебиз.

Мугалим – башкага жарыгын чачкан, жаштардын тагдырын бак-таалайга жеткирген, Жараткан сүйгөн кесиптин ээси.
Биз жаштарга билимди, таалим-тарбияны жугумдуу, сапаттуу берүү үчүн ата-энелер, коомчулук менен биргелешип, ынтымакта жүктү көтөрүшүбүз керек.

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!

Мугалимдик улуу кесибиңиздер Сиздерге жаңы ийгиликтерди, жаратмандыкты жана көптөгөн кубанычтарды алып келсин. Биз Сиздер менен бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды бирге жеңип, жаңы билим берүү мейкиндиктерин багындырабыз.

Сиздердин акылмандуулугуңуздарга, изденген ак эмгегиңиздерге, жан дүйнөңүздөрдөгү таза сезимдериңиздерге, кесипкөйлүгүңүздөргө таазим этемин!

Ардактуу мугалимдер кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

«Alakan.biz» сайтынын эмгек жамааты да министрдин каалоо-тилегине кошулуп, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт. 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.