Окуу китебинде Курманбек Бакиевдин да фамилиясы жүрөт

Окуу китебинде Курманбек Бакиевдин да фамилиясы жүрөт

Мектеп окуу куралы болгон “Кыргызстандын тарыхы” китебинде өлкө башчысы катары Курманбек Бакиевдин фамилиясы жүрөт. Китептин автору М.К.Иманкулов.

Китептин баш сөзүндө: “Бүгүнкү күнү жаш демократиялуу мамлекеттин президенти К.Бакиев республикадагы жарандык жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жан үрөп иштеп жатат”, — деп жазылган.

Эскерте кетсек, окуу китептерде президенттердин пайда болгону биринчи окуя эмес. 2016-жылы сентябрда коомчулукту орус мектептердин 5-класстар үчүн “Кыргыз тили” китеби таңгалдырган. Анын алгачкы беттеринен эле агездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн кездештирүүгө болот.

Бакиев да, Атамбаев да тарыхта калды, бирок, аттары кара тамга менен жазылып калды. Экөө тең татыктуу президент болгон жок. Мактап жаштарга окута тургандай иш кылган жок. Анан эмнеге экөө китепте жазылып жүрөт? Өтө таңкалычтуу!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.