Трамп Эрдоганды Сирияда ок атууну токтотууга чакырды

Трамп Эрдоганды Сирияда ок атууну токтотууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Түркия президенти Режеп Эрдоганды Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд куралдуу күчтөрү менен ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүүгө үндөдү.

Бул тууралуу журналисттерге АКШнын вице-президенти Майк Пенс билдирди. Президенттер бул тууралуу телефондо сүйлөшүшкөн.

Пенс жакын арада америкалык делегацияны жетектеп Түркияга барарын кошумчалады. Максат – түрк күчтөрү менен сириялык күрддөрдүн ортосундагы ок атышууну токтотууга жардам берүү.

Буга чейин АКШ бийлиги Түркиянын Энергетика министрлиги, Коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлигине санкция киргизген. АКШ Түркия өкмөтүн кыйноону күчөтүүгө, аймактагы абалды туруксуздаштырууга, карапайым жарандардын өмүрүн коркунучка кептөөгө айыптоодо.

Трамп АКШ сириялык күрддөрдү коргоого милдеттүү эмес экенин айткан.

– Мен Сириядагы күрддөрдү Орусия, Кытай же Наполеон Бонапарттын коргошуна каршы эмесмин. Алар бул ишти аткара алат деп үмүттөнөм, биз болсо 7 миң миль алыс турабыз, – деп жазган Твиттерге.

Күн мурун күрд кошуундары Анкаранын мизин кайтаруу үчүн Дамаск менен келишим түзгөн. Күрддөр сириялык аскерлердин жардамы менен түрк жортуулуна каршы туруштук берүүгө ниеттенүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.