Бакыт Калмуратов ишкерден 50 миң доллар сураганы үчүн кызматынан кол жуудубу?

Бакыт Калмуратов ишкерден 50 миң доллар сураганы үчүн кызматынан кол жуудубу?

Бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан премьер-министр М. Абылгазиев четтетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, премьер –министр териштирүү учурунда Б.Калмуратовго коюлган доомат адилет жана калыс тергелиш үчүн кызматтынан четтеткен.

Эскерте кетсек, буга чейин жазында, март айында Бакыт Калмуратов аткезчилик жол менен келген канаттуулардын эти боюнча кылмыш ишин козгобоо үчүн бишкектик ишкер Эмир Эмилкановдон ири суммадагы (49 миң) акча талап кылганы тууралуу айтылып, жазылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.