Конгантиев жайында акталды эле, күзүндө көчөгө ысымы берилди. Эми эстелиги тургузулабы?

Конгантиев жайында акталды эле, күзүндө көчөгө ысымы берилди. Эми эстелиги тургузулабы?

2010-жылдагы Апрель окуялары боюнча андагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши козголгону менен тогуз жылдан кийин акталып кеткен. Тагырагы, 2019-жылы 5-июлда “кылмыш курамы жок” деген Биринчи май райондук соттун чечими менен иши жабылган.

Эми минтип Бишкектеги “Алтын-Ордо” конушундагы көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы: “Бул көчө Чүй облусунун Аламүдүн районуна карайт”,-деген жооп менен кутулушту. Айла жок экен да… «7-апрелдеги эрдиги үчүн»,-деп эми эстелигин тургузушабы?..

Бекеринен президент Сооронбай Жээнбеков аны менен кол кармашып сүрөткө түшпөптүр да. Болбосо, неге аты берилет, неге акталат?..

Эч күнөөсү жок Текебаев менен Чотоновдун соту созулуп келатса, Конгантиевдики  бир заматта бүтүп, акталганына таңгаласың…

Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясына байланыштуу «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери боюнча айып тагылган. Ал айыптын баарын судья Мирлан Термечиков карап чыгып, Конгантиевдин күнөөсү далилденбегенин, иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айтып, быйыл, 5-июлда актап салды. Аны менен катар ага сыртка чыкпоо каты, мүлктү камакка алуу чечими жокко чыгарды. Буга чейин прокурор Конгантиевди 6 жылга эркинен ажыратып, эки жылга кызмат элөө укугунан ажыратып, 100 миң сом айып салууну суранган. Ал эске алынбай, эчтеке болбогондой, эч нерсе көрбөгөндөй сот аны актап салды го, чиркин!

Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун актыгы сотто айтылып жатса да, дагы эле созулуп келет. Бул эмнеден кабар берет? Бул президент сотторго «буйрук» берет дегенден кабар берет. Болбосо Конгантиев эмнеге акталып кетет да, Текебаев менен Чотонов дагы деле жүрөт акталбай?!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.