Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги 17-ноябрда тургузулат. Сүрөт көргөзмөсү уланууда…

Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги 17-ноябрда тургузулат. Сүрөт көргөзмөсү уланууда…

СССРдин эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы жасалган эстелиги 17-ноябрда коюла турат.  Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, актердун айкели 9-ноябрда коюлмак. Ал күнгө айкелди жасоого жетишпей калганына байланыштуу, 17-ноябрда кино күнүнө карата тургузулат.

Буга чейин Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдырахманов августтун башында жаңы айкелдин жасалып жатканын коомчулукка кабарлаган.

Мурунку айкелине 3 миллион сом кеткенби?

Эскерте кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 2017-жылы тургузулган. Айкелдин ачылыш аземи ошол эле жылдын 9-ноябрында, актердун туулган күнүндө карата ачылып, ага андагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчилер, чыгармачыл адамдар катышкан.

Эстелик Уралда (Россия) Иван Дубровин чеберканасында жасалган.  Чеберкананын жетекчиси Иван Дубровинден эстелик канчага турганын журналисттер сураганда, ал: “Каржы маселеси жабык бойдон калсын. Бул кыргыз-россиянын биргелешкен иши. Эстеликтин салмагы 600 килограммды түзөт. Дүйнөдө жогорку сапаттагы эстеликтерди жасай турган атайын көркөм колодон жасалды”,-деген.

И.Дубровин каржыны жашырганы менен С.Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” айтканы бар. Анын айтымында, айкелди жасоодо скульптор Алмаз Кожогулов менен 3 млн. сомго келишим түзүлгөн, бирок ал акча толугу менен төлөнүп берилген эмес.

Ал эми  ал айкелдин автору Алмаз Кожогулов эстелик коюлганда, эмнеге мындай образга токтогону боюнча журналисттерге айтып берген. “Мен Сүймөнкул Чокморовду Чүй проспектисинде шляпа кийип, сейилдеп жүргөндө көрүп калчумун. Мен анны дегеле шляпасы жок эч качан көргөн эмесмин. Ошондуктан ушундай образ түзүүнү чечтим”,-деген автор.

Оору жүргөндө тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду, барып көрсөңүз болот

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ал көптөгөн киного тартылып, мыкты роль жараткан. Мыкты актер эле эмес, мыкты сүрөтчү да болгон. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан, кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмө 15-октябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде ачылып, Сүймөнкул Чокморовдун 80-жылдардын аягында, ооруп жүргөндө тарткан сүрөттөрү биринчи жолу коюлду.  Аны көрөм десеңиз, анда 10-ноябрга чейин көргөзмөгө барыңыз.

Улуу талант узак оорудан улам, 1992-жылы 26-сентябрда, 53 жашында каза болгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.