Электр энергиясындагы «көрүнбөгөн коррупция». Арзан алып, кымбат саткан ортомчулардын арасында Атамбаевдин да баласы бар…

Электр энергиясындагы «көрүнбөгөн коррупция». Арзан алып, кымбат саткан ортомчулардын арасында Атамбаевдин да баласы бар…

Электр энергиясындагы орточулар тууралуу макала “24.kgге” орус тилинде жарык көргөн. Аны «KyrgyzToday.kg» сайтынын журналисти Самат Талгарбеков “Электр энергиясын арзан алып, кымбат саткан ортомчуларды ким эркелетип келет?” аталышта кыргызчалаган. Электр энергиясындагы “билинбеген, көрүнбөгөн коррупцияны” кыргыз тилинде коомчулукка жеткирүү максатта, биз дагы ортомчу болуп турубуз. Мына, туугандар, коррупция кайда жатат? Анан кантип экономикабыз көтөрүлсүн да, өлкөбүз өнүксүн?!

Кыргызстанда электр энергиясын 25 жеке компания сатат. Аларга мамлекет чексиз мөөнөткө электр сатууга лицензия берип койгон.

Кээ бирине “Электр станциялары” ААКысы электрди тыйынга эле арзан берет, ал эми электр баасы эл үчүн өзгөрбөй келет. Ортомчулар кандайча мындай жеңилдиктерге ээ болуп калган?

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, 2018-жылы электр энергиянын бир киловатт-саатынын өз баасы 61 тыйынды түзгөн. Ал ГЭС менен Бишкек ЖЭБинин бир жылда иштеп чыгарган мээнетине жараша болот. Ошондо ГЭСте энергиянын киловатт-сааты өз баасы боюнча 13,6 тыйынды, жылуулук борборунуку – 336,2 тыйынды түзгөн.

Эгерде электрди саткан жеке жана мамлекеттик бардык компаниялардын орточо баасын эсептеп чыксак, “Электр станциялары” ААКсы норманы аткарган болот.

Бирок дүңүнөн сатылган рыноктун негизги катышуучулары электр энергиясын “Электр станциялардан” өздүк баасынан да арзан алышкан. Мисалы, “Түндүкэлектро” ААКысына электр энергиясы бир киловатт-сааты 57,4 тыйындан берилет. 2018-жылдын 1-октябрынан бери алар үчүн 52 тыйынга чейин түшүрүшкөн.

“Чыгышэлектро” бир киловатт-саатын 31 тыйындан гана сатып алат, “Ошэлектро” менен “Жала-Абадэлектро” – 36 тыйындан сатып алышат.

Энергосистемада электрди кайра саткан, өздөрү да пайдалангандар жана дүңүнөн сатып алып саткандар деген түшүнүктөр бар. Мамлекеттик бөлүштүрүүчү компанияларга караганда, алар үчүн баалар төмөн коюлган.

Ошентип, “Ак-Тулпар” ЖЧКсы “Электр станциялардан” электрди киловатт-саатын 41,65 тыйындан, “Шерой” – 22,5 тыйындан, “Аскарэнерго” – 54,7 тыйындан, “Чыгышэнерго” ЖЧКсы – 47 тыйындан, “Бек-Строй Плюс” – 39 тыйындан, “ДИМЕД” – 35,6 тыйындан сатып алышат.

Кыргызстанда баа саясатын Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Дал ушул агенттик жеке компанияларга жогорудай бааларды коюп берген.

“Электрэнергетика жөнүндө” мыйзам баа коюу принциптерин так аныктайт. Баалар өндүрүштү, өткөрүп берүүнүн, жылуулук же электрэнергиясын бөлүштүрүүнүн толук баасын көрсөтүүгө тийиш, буга өндүрүштүк жана техникалык тейлөөгө, капиталдык чыгымдарды жабууга, инвестиция жана кайтарымдын пайыздык баасын тартууга кеткен чыгымдар кирет.

Аталган агенттик бул гана беренени бузуп жатканы жок. Энергохолдингдин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын ноябрь соңунда баалардын жаңы деңгээлин арткы сан менен 1-октябрдан баштап буйрук чыгарган. Натыйжада, энегокомпаниялар 2018-жылдын бүджетин бекитүү үчүн акционерлердин кезексиз жыйындарын өткөрүүгө мажбур болушкан.

Мында “ жөнгө салуунун” жыйынтыгында, энергосектор планда жок 2 млн сомун короткон.

Мындан тышкары, электр энергиясынын транзити боюнча баа 19 тыйындан 21 тыйынга көтөрүлүп, компаниялардын чыгымдары көбөйгөн. Жеке компанияларга берилген жеңилдиктерден улам, өлкөнүн негизги ишканасынын кирешеси кыскарып келет.

Электр энергиясынын ири кардарларына киловатт-сааты 203 тыйындан берилет. Бирок аларга да жеңилдиктер каралган.

Суу чарбасынын башкармалыгы электр энергиясынын киловатт-саатын 56,9 тыйындан, Бишкек троллейбус башкармалыгы – 137 тыйындан, “Кыргызжылуулукэнерго” мамишканасынын Бостери филиалы – 167,62 тыйындан, “Хайдаркан” АКсы – 196,62 тыйындан алат.

Ушундай баа саясатынын айынан былтыр “Электр станциялары” 79,3 млн сомдон куржалак калган.

Негизги сатып алуучулар энергия менен ири кардарларды гана эмес, калкты да камсыз кылат, калк үчүн баа – 77 тыйындан. Ошол эле учурда Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 24 компаниясынын 17си “Электр станциялары” койгон баадан жогору баа койгон, ошентип алар негизги ишкананын эсебинен ири киреше таба башташкан.

Жеке компанияларга берилген мындай жеңилдиктерден улам, “Электр станцияларынан” кардарларын да тартып ала баштаган. Мисалы, 2017-жылы «Коттон Текстиль Фэктори» ЖЧКсы “Электр станциялардан” киловатт-саатын 203 тыйындан сатып алган. 2018-жылы “Нур Ал Энерго” ЖЧКсына кетип калган. “Электр станциялары” «Коттон Текстиль Фэктори» каралган энергияны «Нур Ал Энерго» аркылуу мурдагыдай 203 тыйындан эмес, 132,56 тыйындан сатууга мажбур болгон. Ортодогу 70,44 тыйын айырманы ортомчу «Нур Ал Энерго» ЖЧКнын чөнтөгүнө түшүп турат.

Энергохолдингдин пикиринде, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги “Электр станциялары” кирешесин жеке компания менен бөлүшкөнгө аргасыз болгондой шарт түзүп койгон.

Мындан тышкары, жеке компаниялар электр энергиясын карызга ала алышат, ошону менен ири кардарлардын көзүн кычыштырат. Натыйжада, алар пайдалуу шартка ээ болушууда.

Деги электр энергиясын сатып алып, кайра саткан ортомчу фирмалардын ээлери ким?

«Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын ээси – экс-президенттин уулу учредил Сеидбек Алмазбекович Атамбаев.

«Нур Ал Энерго» ЖЧКсын Нурбек Абдрашитов башкарат. Дагы бир ээси – Жолдошбек Маликович Жунушев — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору.

Нурбек Абдрашитов электр энергиясын саткан дагы бир компанияны түзгөн – «Сибэлектрощит Азия». Аны Алыбек Жекшенбекович Казиев башкарат.

«Энерготехсервис» ЖЧКсынын ээси – Светлана Мукалаева. Соцтармактарда ал Сабырбек Укушович Султанбековдун жубайы экени аталган. Сабырбек мырза учурунда антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамагенттиктин статс-катчысы болуп эмгектенген. Кийин жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын кызыкчылыгын коргогон энергетикалык комплекс боюнча ишкерлердин ассоциациясын түзгөн.

Жогоруда айтылгандай, мамагенттиктин айынан негизги энерго ишкана акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн эле жок жерден 2 млн сом чыгым тарткан. Кызыгы, ал үчүн ар дайым «Фондрегистр» ЖЧКСы менен келишим түзүлөт. Бул уюм ААКдагы реестрди ээси болуп эсептелет.

Анын башчысы – Элмухамед Аманбаевич Өмүрзаков. Мурда фирмага Аманбай Өмүрзаков ээлик кылган. Ага дагы бир нече ЖЧКлар катталган. Бизнес-өнөктөшү – Капаралы Жанузакович Жаманаев. Ал электр саткан «Эркам ЛТД», «Корунд гидроток» ЖЧКларынын ээси.

«Энерготрейд» ЖЧКсынын ээлери Рустам Рыспекович Кутукеев жана Азамат Таласбекович Жапаров. Алардын компаниясы мурдагы аткаминер Сабырбек Султанбеков түзгөн энергетикалык комплекс боюнча ишкерлердин ассоциациясынын ээлеринин курамына кирет.

Осмонбек Артыкбаевдин тушунда «Кыргызалтын” ААКсынын президенти тарабынан “Макмалалтын” ишканасындагы электр станциясы «Энерготрейд» компаниясына ижарага берилген.

Болотбек Касымбекович Бегалиев өнөктөштөрү менен «Трансэлектро» ЖЧКсын түзгөн. Бишкек шаар кеңешинин мурдагы депутаты “Берекет” ЖАКына ээлик кылат.

«Ак-Тулпар» — курулуш компаниясы, бул компанияга бишкектиктер бирт нече ирет арызданышкан. ЖЧКнын директору – Еркинжан Саитов, ээси — Абдывахан Байханбаев. Компаниянын ишмердүүлүгү – адисдешпеген дүң соода.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги алып-сатар жеке компанияларга “Электр станцияларына” караганда, иштелип чыгарылган электр энергиянын өз баасынан жогору баа коюу таламын талашып, бул негизги компаниянын кызыкчылыгын камсыз кылат деп эсептейт. А иш жүзүндө?

“Электр станцияларды” 2018-жылдагы техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө болгон анализ көрсөткөндөй, өздүк баасы киловатт-сааты 51,9 тыйынды түзүп, орточо баа киловатт-саат үчүн 59,3 тыйын коюлган.

Дүңүнөн сатып алган компанияларга пайдаланган электрэнергиянын жалпы көлөмүнөн 5 пайызы берилет, алып-сатарларга – 1 пайыз. Алар үчүн орточо баа киловатт-саат үчүн 114,8 жана 109 тыйынды түзөт, бул орточо баадан 93,8 жана 83,9 пайызга көптүк кылат.

Негедир эске бир салыштыруу түшөт, байлар эт жейт, ал эми жардылар – капуста жейт, орточо эсепте калк голубцы жеп жатат. Электрге баа коюу да ошол сыяктуу.

Булак: 24.kg. Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.