«Кара куу» экономикасы. 2020-жыл Кыргызстанга эмне берет?

«Кара куу» экономикасы. 2020-жыл Кыргызстанга эмне берет?

«Tazabek.kg» сайты экономика боюнча макала жарыялады. Аны «KyrgyzToday.kg» сайтынын журналисти Самат Талгарбеков кыргызчалады. Анда Кыргызстандагы «кара куу» экономикасы боюнча сөз болот. 

«Кара куу» деген эмне?

“Кара куу” термини экономика менен финансыга катуу таасир берген күтүлбөгөн окуяны мүнөздөйт. Ошондой эле кара куу окуясы өлкөнүн экономикасына катуу таасир тийгизген саясый окуя да болушу мүмкүн.

Өзүнүн “Кара куу” деген китебинде Нассим Николас Талеб болуп өткөн глобалдык кризисти алдын ала айта алган, ал банктардан башталат дегени да туура чыккан эле. Талебдин божомолдору өзүн актап берген. 2007-2008-жылдардагы дүйнөлүк финансылык кризисте ал бир нече миллион доллар тапканга жетишкен, муну ал финансы тармагындагы статистикалык ыкмаларды пайдалануу менен тапканын түшүндүргөн. 2003-жылы Талеб Fannie Mae коллапсы болорун айта коюп, финансы дүйнөсүндө ур-тепкиге кабылган эле. Бирок анын айткандары туура чыгып, Fannie Maeдин кыйрашы америкалык салык төлөөчүлөргө жүздөгөн млрд долларга турган. Бул теориянын автору ишендиргендей, “кара куулар” толугу менен тарыхка дагы, ар бир өзүнчө кишинин өмүрүнө да түрткүнчөк болот экен.

Экономикадагы ийгиликтин жоктугу, Жогорку Кеңешке болчу шайлоо, өлкөнүн энергосистемасында суунун тартыштыгы, радикалдуу реформалардын жоктугу, дүйнөлүк экономикалык кризистин болуп калуу мүмкүнчүлүгү, мамлекеттик банктардын үлүшү көбөйгөнү, бардык кыялдарды кыя чапкан жыл боло тургандыгы, бир катар товарларга болгон баанын көтөрүлүшү” – 2020-жылы Кыргызстан экономикалык чоң сыноодон өтө турганын ушинтип эксперттер белгилеп жатышат.

“Быйыл Кыргызстандын экономикасынан эмнелерди күтсөк болот? Анын негизги факторлорун атасаңар”,  – деп бир катар экономисттер менен финансисттерге кайрылып көрдүк.

2020-жыл Кыргызстанга эмне берет?

Финансист Заир Чокоев: 2019-жылы дүйнөлүк экономиканын эң төмөн өсүшү акыркы 10 жылдагы эң төмөн көрсөткүч болуп, 2,3%ды түздү. Дүйнөлүк экономиканын мындай өсүү көрсөткүчү бардык өлкөлөр үчүн экономикалык саясатта шашылыш чара көрүү экенин каңкуулайт. Европа экономикасынын локомотиви болгон Германиянын экономикасында рецессия тобокелчилиги өсүп барат, дүйнөлүк экномикага орчундуу салым кошкон Индия экономикасы да ошондой абалда. Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Каржы министрлиги да ИДП (Ички дүң продукт) 4,5%дан 3,6%га түшөөрүн белгиледи.

Быйыл таасир бере турган экинчи жагдай – бул дүйнөлүк ИДПга карата карыздын рекорддук деңгээли, ал дүйнөлүк ИДПга карата болжол менен 300%ды түзөт. Бул карыздын 160%ы өкмөттөргө эмес, корпорациялар менен компаниялардын карыздарынан турат. Структуралык жагынан баарынан көп Кытайдын корпорациялары менен компаниялары карыз болуп калышкан.

Кыргызстандын экономикасында экономикалык активдүүлүктүн өсүү темпи ылдыйлашы күтөлүүдө, анын натыйжасында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу азаят. Бул жерге эң башкы көйгөй – республикалык бүджеттин дефицитин каржылоо болуп калат. Кыргызстанда бүджет дефицитин каржылоонун негизги булагы – тышкы карыздар болуп келет. Тышкы карызды донорлор койгон шарттар менен алып келебиз. Эми донорлор электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү талап кылышат көрүнөт. Биз буга даяр болууга тийишпиз.

Тышкы карыздын өскөнү менен биз келечек муундун мойнуна ири суммадагы карызды илип келебиз.

Үчүнчү жагдай – Кыргызстан ИДПга карата акча которуу көлөмүндөгү үлүшү боюнча дүйнөдөгү экинчи өлкөбүз, ал ИДПга карата 33%ды түзөт. Алдыда Тонго өлкөсү гана бар – алардыкы 36%. Сырттан Кыргызстанга акча которуунун негизги булагы – Орусия. Ушул жерден бардыгыбызга каалай турганым, биздин экономикада акча которуулар 33% үлүштөн ИДПга карата туризмдин үлүшү 75%га көтөрүлсө деген тилек. Ошондо гана тышкы өнүгүү ресурстарынын булактарынан ички булактарга өтө алабыз.

Экономист Азамат Акенеев: Экономикалык көз караштан 2020-жылы катуу таасирлерди деле күтпөйм. Дүйнөлүк коньюктура жакшы абалда, буга дүйнөлүк фонд индекстери далил, алар дале тарыхый рекорддорду койгонун улантып келет, буга орусиялык рынок фонду да кирет. Бул – инвесторлор келечекке оптимисттик маанайда караганын көрсөтүп турат.

2020-жылы Кыргызстанда экономика өсүп, шумдук көрсөткүчтөргө жетет дей албайм. Ал үчүн өлкөбүздө эң башкысы болгон – укук үстөмдүк кылбай келет. Мыйзамдарыбыз дурус эле, бирок практика жүзүндө иштебейт, бизнес сот системасына ишенбей калды.

Дале болсо аймактарды өнүктүрүүгө аракеттер күч болот, ирригацияга, суу менен камсыз кылууга жана башка аймактык долбоорлорго мамлекеттик чыгымдар көбөйө берет. Бирок мамлекеттик бүджеттин мүмкүнчүлүгү, чындыгында, чектелүү, абалды олуттуу өзгөртүү үчүн инвестициялардын көлөмү жетишсиз, ал эми жеке инвесторлор аймактарга баргысы келбей жатат.

Банкир Женишбек Байгуттиев: 2020-жыл кыргызстандыктар үчүн жөнөкөй жылдардан болбойт. Жакында, февралда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, а күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо. Бул, албетте, өлкөнүн экономикалык турмушуна өз изин калтырат. Конституцияда көрсөтүлгөндөй, президенттик мөөнөттүн жарымы өтүп калганын эске алсак, күзүндө күрөш катуу болот.

Менимче, административдик ресурсту колдонуу, шайлоонун шайтан оюндары, ыплас технологиялар, добуш сатып алуу менен бирдикте шайлоочулардын арасында нааразычылык маанайды да жандырып коюшу мүмкүн. Бүгүн деле элдин маанайында телегейи тегиз эмес, шайлоого чейин эле нааразы болгондор четтен табылат. Бирок ал үчүн бир гана өкмөттү күнөөлөгөнгө болбойт, алардын иш майнабын алдын ала эле айтса болот. Кадрдык жактан аксап, өнтөлөгөн өкмөткө караганда, кибиреген чычкан көп ишти бүтүрүп жатат. Ачык эле айтып коелу, президенттин бүтүндөй командасы алгылыктуу эч нерсе жасай албады. Иштеп жаткан президентке катуу тийбесин, бирок өткөн эки жылдын аралыгында, тоо томкоруп, ой омкоро турган күчтүү команда калыптанбай койду. Болгон күчтөрү Атамбаев менен анын командасын саясый сахнадан сүрүп чыгарууга кеткендей.

Бактыбызга жараша, калайык калкыбыз мүңкүрөбөй, илгери үмүт менен жашап, атүгүл өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз салымын кошкусу келет. Бардыгынан биздин эмгек мигранттарыбыз жан үрөп жатышат. 2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мигранттардан келген акча которуулар 287 млн долларга кыскарса да, алар болгон аракетин жасап: акчалар банктарды айланып өтсө да, өлкөгө келип жатат.

Улуттук банк тегин жерден алтынвалюталык резервдин рекорддук деңгээлин оозанган жок, ал 2,4 млрд долларга жеткен. Бирок экономикабыздагы жетишкендиктер мигранттардын эмгегинен туруп жатканын ким мойнуна алат? Албетте, эч ким. Бирок экинчи ирет “аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” деген ураандар менен сүрөөлөнүп, убадаларга байып келебиз. Буга эч каршылыгым жок, атүгүл колдойм. Бирок болгон байлыгыбыз ушул элеби, башка эч нерсебиз жокпу? ИДПнын өсүшүнө зарыл башка рецептер каякта? Экономиканын структурасын өзгөртөбүз деген күттүргөн реформалар кайда? Биздин жана чегараларыбыздын коопсуздугу кайда? Тышкы саясаттан келчү дивиденддер кайда? Ал азыр саясый туризмди гана элестетип калды.

Жакын коңшуларыбыз менен болгон мамиле көңүл жылытарлык эмес экени жашыруун деле эмес, кайрадан муздай түшкөндөй, эми азыр “балп” эткен мурдагы президентибиз жок. Бирок абал жакшырбады. Тышкы саясатта жумшак болуп жатканыбыз айкын эле көрүнүп турат. Ооба, жолугушуу географиясы кеңири, бирок жыйынтык бербей келет. Мындай жумшактык бийликтин бардык бутактарында фирмалык стилге айланып бараткандай. Ошондон улам 2020-жылы бардык кыялдарды кыя чапкан жыл болот деп жатам. Бийликтин да, элдин да эшек курту мурдунан түшөт.

Кыргыз экономикасы үчүн негизги тобокелчиликтер жана тышкы факторлор

Экономист Азамат Акенеев: Саясат экономиканын уландысы деп айтышкандары менен, реалдуу турмушта саясый процесстер экномиканын конъюктурасын аныктап коет. 2020-жылы өлкөдөгү ар кандай процесстерге таасир берген негизги фактор – бул Жогорку Кеңешке болгон шайлоо. Алар кандайдыр бир туруксуздукту жаратат, чечим кабыл алган инвесторлорду да ойлондурат. Көпчүлүгү олуттуу долбоорлорду акыбал ачык болгонго чейин жылдырып коюшу мүмкүн. Мындай шартта өкмөт тарабынан экономикада радикалдуу реформаларды күтүүгө болбойт.

Олуттуу тобокелчиликке суунун тартыштыгы башталганы жөнүндө божомолдор кирет. Биздин энергосистеманын электр энергиясын генерация бөлүгү дарыяларга, суу сактагычтарга толгон суу көлөмүнө толугу менен көз каранды. Атүгүл азыр өлкөдө электр энергиясынын дефицити бар, көптөгөн компаниялар, өзгөчө өндүрүш тармагында электркомпаниялардан жетиштүү кубаттуулук ала албай келишет. Эгерде божомолдор туура чыкса, анда электр энергиясынын дефицити күчөйт, электрдин экспорту токтойт, энергетикадагы финансылык абал начарлайт.

Сырткы факторлордон белгилесем, эл аралык экономикалык абал кыйла жакшы эле, ал жактан коркпой эле койсок болот. Биздин экспортко кеткен негизги товарыбызга болгон бааны айтсам, дүйнөдө алтындын баасы кыйла жогору, катуу деле түшүп кетпейт.

Негизги тышкы тобокелчилик, анын ичинде экономика үчүн да, менимче, коңшу мамлекеттер менен, биринчи кезекте Тажикстан менен болгон чегарадагы чыңалуунун күчөп баратканы тынчсыздардырат. Ар бир болгон жаңжал туруксуздукту күчөтүп, экономикабызга келчү инвестициянын агымын басаңдатат.

Соңку кезде коомдо күч алган синофобия биринчи кезекте Кытайдан келген инвесторлорго тобокелчилик жаратып келет.

Финансист Заир Чокоев: 2019-жылдын мартында Базелдик комитет тарабынан Базель III стандартынын үчүнчү бөлүгү боюнча чечим кабыл алганы фундаменталдуу өзгөрүү болду – анда алтын үчүнчү категориядан биринчи категорияга которулуп, банктардын баланстарына өз таасирин берди.

Борбордук банктар, менимче, өлкөлөр жакшы эмес сценарийге кам көрүп калганын күтүп калгандай. Бул ойго көпчүлүк өлкөлөрдүн абдан карызга батканы түртүп жатат. Алдыда дүйнөлүк карыз кризиси күтүп тургандай. Карыз кризисине байланыштуу тобокелчиликтер Кытайда башталчудай, ал эми Кытай Кыргызстан үчүн соода өнөктөшү катары маанилүү. Кыргыз бизнеси кытай бизнеси менен тыгыз байланышта, Кыргызстандын экономикасына болгон соңку ири инвестициялар да дал ушул Кытайдан келген. Кыртышы жаман сценарий менен кетсе, биз кымбат эмес кредиттер менен инвестиция булагынан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Эми дал ушундай болот дегеним жок, бирок мындай тобокелчилик болуп кетиши толук мүмкүн, ошондуктан тыкыр көзөмөл зарыл.

Ал эми финансылык рынокту айтсам, азыркыдай божомол менен Кыргызстанда ИДПда кредиттердеги пайыздар менен депозиттердин төмөндөшү боюнча тренд улана берет.Бул жерде М2 акча агрегатынын жүрүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл, ал бүджеттик-салык саясаты жана акча-кредит саясаты менен тыгыз байланышта. Пайзыдардын трендин Каржы министрлиги гана өз милдеттерин жогорку пайызга коюп өзгөртө алат.

Финансист Арслан Кененбаев: Дүйнөлүк экономикалык кризис болушу мүмкүн. Көпчүлүк эксперттер мындай жаман божомолду ушул жыл менен байланыштырып жатышат. Буга себеп – кредиттер оголе көп берилип кетип, көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөттөрү рынокко акчаны өтө көп санда чыгарышкан. Анын белгилери да байкала баштады, кризис каалаган учурда болуп кетиши мүмкүн.

Муну менен катар америкалык фонд рыногу 2009-жылдан бери тынбай өсүштө болуп келет. Эгерде кризис басса, анда акча каражаттары биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн кете баштайт. Ал Кыргызстандын соода өнөктөшү болгон Орусияны, Казакстанды, жакынкы өлкөлөрдү капташы мүмкүн.

2020-жылдагы шайлоо – күтүү мезгили. Ар бир шайлоо процесси дайыма туруксуздук жана геосаясый оюндар менен байланыштуу. Ал азыртан эле байкалууда, бири-бирине жугунду төгө башташты. Биринчи кезекте шайлоо – бул инвесторлор үчүн аныкталбай турган мезгил. 2020-жылы Кыргызстанга кыйратып деле инвестиция  келбейт. Көпчүлүгү “кэшке кетип”, шайлоонун жыйынтыгын күтүшөт.

Салыктагы реформалар бизнеске терс таасир берет. Мартта Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кириши мүмкүн, ал соодагерлерге таасир берет. Салыктын жүгү көбөйсө, саясый чыңалууга алып келиши мүмкүн. Бүтүндөй “Дордой” каршы чыкса эле, абал татаалдашат. Быйыл мындай жаңы нерселер кирсе, эл кабыл албайт.

Туруктуу сом – дайыма эле жакшы эмес. Улуттук банк дедолларизация боюнча саясат жүргүзгөнү менен, улуттук акча бирдигибиз 4 жылдан бери ордунда турат, бул экономикалык көрсөткүчтөргө дал келбейт. Дүйнөлүк кризис болсо же негизги соода өнөктөштөрүбүздүн абалы начарласа, мындай абал Кыргызстанга терс таасирин гана берет. Экспортту стимулдаштыруу үчүн сомдун наркы түшсө, биз үчүн пайдалуу.

Калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөдү. Кыргызстандагы экономикалык стагнациянын айынан эл товар сатып алууга каражаты жетпей калганын бизнесмендер айтышууда. Эч ким сатып албай калса, анда экономика токтоп калат. Бул жерде минималдык айлык-акынын деңгээлин жөнгө салуу жөнүндө ойлонууга туура келет. Азыр бизнеске кыйын эле болду, КМШ өлкөлөрүндө рынок товарга толуп калды, орусиялык, казакстандык кубаттуу бренддер үстөмдүк кыла баштады. Кечээ пайдалуу болгон нерсе бүгүн иштебей калып жатат. Ишкерлер азыр бизнесмендердин деңгээлине өсүшү керек, антпесе, атаандаштыкка туруштук бере албай калышат.

Укук коргоо органдарын күчөтүү жана бажыдагы ызы-чуулар жөнүндө азыноолак айта кетейин. Саясый атаандаштыктын фонунда укук коргоо органдарын күчөтүү жүрүп жатат. Бир жагынан бул жакшы, бирок экинчи жагынан, органдардын бүджеттери жыртык болсо да, көбүрөөк акча чогултуу менен алек, ал эми соттор бизнеске каршы чечимдерди чыгарып келет. Эгерде шамал мамлекеттин пайдасы үчүн гана соксо, анда бул бизнес үчүн жаман. Укук коргоо органдарын күчөтүү тенденциясы экинчи жылга кетти, ал эми алардын айлыктары аз, бардыгы ачык эмес. 2019-жылдагы бажыдагы териштирүүлөр эл аралык териштирүүлөргө алып келиши мүмкүн, биз аны көрүп, байкап турабыз. Ушундан улам бир коркунуч бар: биз товарларды сата албай калышыбыз мүмкүн, алар чегараларда айлап-жылдап туруп, кезек күтмөй адатка айланып кетиши ажеп эмес.

Банкир Женишбек Байгуттиев: Банктар үчүн негизги тобокелчиликтер – саясый туруксуздук, коопсуздук менен байланыштуу. Шайлоо боло турган жылы, бул эң маанилүү фактор. Сот системасынын ишмердүүлүгүн өзүнчө белгилеп кетет элем, аны реформалоо аракети, канчалык каалабайлы, жүзөгө ашпай калды. Сотко нааразы болгондор башкалаада дагы, аймактарда дагы абдан көп, суроолор андан да көп.

Тышкы тобокелчиликтерден – ишкердик активдүүлүк төмөндөдү, буга Казакстан тараптан ойдон чыгарылган кинелердин натыйжасында биздин транзиттик жүктөргө кадимкидей экономикалык блокада болду, Кытайдан келген импорт агымы үчүн күрөш жүрүп калды. Чындыгында, соңку кездери коңшубуз колубузду толгоп жатканы күчөп барат, а биздин өкмөт тараптан минималдуу гана каршылык көрсөтүлүүдө. ЕАЭБдеги абалыбыз жакшы эмес. Шашпай, камырабай жүрүп алып, бул өлкөлөрдөгү рыноктон айрылып баратабыз. Биздин өкмөттүн тайминги таптакыр жок экен.

Мисалы, Орусия бүгүнкү күндө өз орду менен бир калыпта, орусча айтканда, “импортозамещение” кылып келет. Биздин өкмөт буга өз убагында реакция кылып, бир кезде ээлеген рынокту жоготпоо үчүн орустардан озуп чечим кабыл алууга милдеттүү. Азыр көпчүлүк экномисттерибиз Өзбекстанда болуп жаткан реформалардан улам, алар менен атаандаша албайбыз дегендей кылып жатышат. Мен буга макул эмесмин.

Биз так адистешибиз керек, мамлекет менен жеке тараптардын өнөктөштүгүн, мамлекеттин үчилтик биримдигине (мамлекет, бизнес жана илим (инновациялар) негизделген өнөр жай саясатын активдүү киргизишибиз керек. Ошондо бизнес, ишкерлерибиз өнүгө баштайт, алар өз кезегинде банктардын кардарлары.

2020-жылы Кыргызстандын экономикасында боло турган 4 негизги окуя

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү үчүн берилген өткөөл мезгил соңуна чыкты. Бир катар товарлар боюнча Кыргызстанга берилген 5 жылдык жеңилдетүү мезгили 1-январда соңуна чыгып, ЕАЭБдин бажы баасы толук кандуу көлөмдө иштей баштады. Ошондон улам бир катар товарлардын баасы жогорулашы мүмкүн.

2020-жылдын мартында Жерүй кенинде алтын казыла баштайт. Бул кичине болсо да, Кумтөр долбоорунун саясатташып кеткенин басаңдатат, көпчүлүк инвесторлорго Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырса болот деген жакшы белги болуп калат.

Фискализацияны киргизүү менен салык администирлөөсү күчөйт. Бир жагынан бул көмүскө экономиканы кыскартып, бүджеттин кирешесин көбөйтөт. Ал эми бир жагынан чакан жана орто ишкерлер салыктын көбөйүшү менен аны төлөө жана салык отчетун берүү жагынан кыйнала баштайт.

Банк тармагындагы атаандаштык күчөй берет. Кардарлар – юридикалык тарап, жеке ишкерлер деп бөлүнгөндөн кийин – бул банктарды баккан башкы база бүгүнкү күндө жеке тараптардын төлөө мүмкүнчүлүгү үчүн активдүү күрөшүп калды. Элдин баары агылып келбесе да, күрөөсүз кредит берүү өз чегине жете элек. Банктар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, өз продуктусун сатууда жана тейлөөдө маркетплейс сыяктуу жаңы IT-чечимдерди пайдалана башташты. Интернет-банкинг жана мобилдик банкинг менен азыр эч кимди таңгалдыра албайсың. Эми тез төлөм жүргүзүү системасы иштелип, киргизиле баштайт.

Банк сектору азыр инвестиция жагынан көп деле өзүнө тартпайт. Олуттуу тышкы инвесторлор үчүн биздин рынок өзгөчө жана кичине көрүнөт, ошондуктан рынокту өз ара бириктүү болуп келген оюнчулар менен эле жүрөт. Мамлекеттик бактардын үлүшү көбөйө берет: алардын өздүк наркы төмөн, ал эми адистешкени катуу көзөмөлгө алынбайт.

Кыргызстандын бүгүнкү экономикалык абалы алтооз сөз менен

А.Акенеев, экономист: “Биздин экономика көптөгөн жылдардан бери стагнация абалында болуп келет, экономикалык өсүү темпи 2-3%ды көрсөтүп, жай жылууда. Бул Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөр”.

А.Кенебаев, финансист:“Биз азыр экономикалык күз мезгилиндебиз, эми экономикалык кыш мезгилине өтөбүз. Инвесторлор экономикадагы драйверлерди көрбөй жатышат, тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калды. Өкмөт туризмди сөз менен эмес, чечкиндүү глобалдуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен өнүктүрсө болот эле. Эгерде азыр биз экономикалык драйверлерди түзбөсөк, анда узак мөөнөткө экномикалык кыш мезгилинде калып калышыбыз мүмкүн”.

Ж.Байгуттиев, банкир: “Биз эмгек жана киши ресурстарынан кол жууп келебиз. Өнүгүшүбүз үчүн зарыл болгон көлөмдө өлкөбүзгө тышкы жана ички инвесторлрду тарта албай койдук. Экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө боло албай жатабыз, колубузда бар потенциалдын 20-30%ын гана иштетип жатабыз. Жылтыракка кызыгып, креатив иштебей жатат. Бийликтин бардык тепкичтеринде башкаруунун төмөн сапатына ыраазы болуп коюп олтурабыз. Оптимист болсок, бул узакка созулбайт. Турмуш өзү мажбурлап, казык сайып көрсөтөт”.

 З.Чокоев, финансист: “Бүгүнкү абалды – эч бир альпинисттик жабдыгы жок, башы менен ойлонуп, колу-бутун пайдаланып гана мөңгү баскан кыл чокуга чыгып бараткан кишинин абалы менен салыштырса болот. Бул мүмкүн эместей, бирок тарых бардыгын кыл чокуга сүйрөгөн оптимисттер жөнүндө мисалдарга бай. Алардын колунан келген.

Келгиле, ата-бабаларыбызды унутпайлы, алар  тишине чейин куралданган дүйнөдөгү эң күчтүү гитлердик армияны жеңишкен. Рухтун, духтун күчү бүгүнкү элдин башкы куралы. Биздин экономикабыз абдан чакан экенин түшүнүшүбүз керек. Биз эс-акылдуу, чапчаң болбосок болбойт”.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.