Кыргызстан менен Тажикстан эки чек ара тилкесин алмашууга макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан эки чек ара тилкесин алмашууга макулдашты

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде кыргыз-тажик чек ара маселеси каралды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышып, Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгенин билдирди.

«Эки участокту алмашуу боюнча алар тараптан да, биз тараптан да макулдук бар. Бул жолу Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек участкасын алмашуу сүйлөшүлгөн. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстандын жумушчу тобу менен эртең, 22-январда Бишкекте жолугушуу болот«, — деди Ж.Разаков.

Андан тышкары, адистер алты ирет жолугушуп, 134 топографиялык карта даярдашкан. Ал эми чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтор 120 чакырымдан ашык жерди жөө басып чыгып, изилдөө иштерин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды. Разаков ушундан улам Тажикстан менен 114 чакырым жерди бекиткенге шарт бар экенин айтты. Анын айтымында, болгону укуктук негизде пикир келишпестиктер бар. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн чек ара маселеси боюнча Бишкекте болчу сүйлөшүүсүндө ушул маселени чечүүнүн жолдору да каралат.

Булак: «Alakan.biz»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.