Ноокатта 3 миллион 155 миң сомго көпүрө курулуп, ал пайдаланууга берилди

Ноокатта 3 миллион 155 миң сомго көпүрө курулуп, ал пайдаланууга берилди

Бүгүн, 21-январда Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы Кыр-Кол сайында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн ачылышы болду. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедовдун катышты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, министр Н.Мирзахмедов жергиликтүү тургундарды жаңы көпүрөнүн ачылышы менен куттуктап, курулуштун тарыхына токтолду. «2019-жылы жергиликтүү жаран тарабынан Ноокат районундагы Кыр-Кол сайына жаңы көпүрө куруп берсеңиз, жаш балдарыбыз коопсуз жол каттамына ээ болмок деп кайрылды эле. Абалды жеринде көргөндөн соң, чындыгында бул жерге тез арада жаңы көпүрө куруу муктаждыгы бар экени көрүнүп турду. Мына, бүгүн элдин колдонуусу үчүн ушул көпүрөнү тапшырып жатабыз», — деди министр Н.Мирзахмедов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган көпүрө 3 млн 155 миң сомго курулуп, узундугу 72 метр, туурасы 1,5 метр түзөт. Бул көпүрөнү 200дөн ашуун кожолук, айыл окуучулары коңшу айылдагы мектепке баруу үчүн колдонушат. Курулуш иштери 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2020-жылдын январь айында бүткөрүлдү.

Булак: «Alakan.biz»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.