Эрнис Асек уулу Азамат Кыязовду чакырып, эмнени айткан?

Эрнис Асек уулу Азамат Кыязовду чакырып, эмнени айткан?

Эсен болуп, эстей жүр!

Дөңгөлөгү жука, каракөк машинем төмөнкү тар жолдон жогору карай кетчү имерилишке келгенде өзүнүн да, менин да шайымды оодарды. Дөңсөө жолдун бетине көк жалтаң муз тоңгон экен, “чимирилип, ызылдап” мерчемдүү кырына эптеп жетип эле, кайра артка тайгаланган тейде шыпырылам. Түн. Кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Калаадан окчун жерге түнкүсүн унаа каттабасын, каттаса да бу “көк жылгаяк” жайын билгендер башка жолго салып кетээрин боолгологон сайын кайта-кайта “тайгалана” бердим. “Эми бир тайгалансам, кочуштасам да топурак таап келип чачайын” деп күбүрөнүп атып эле 7-8 жолу тайгаланып ийдим. Акыры көк беттигим узуну 25 метрче келген көк жылгаяктын кырын ашырды. Кенен, түз жолго түшкөн соң, ойлорум Эрнисти көздөй агылды. Бир ооз сөз үчүн карайлатып мынча алыс жерге чакырбай, телефондон айтып койсо эмне болот эле. Болбогон бирдемеге эзип…

Кар толук эрип бүткөнчө кайталап үстүнө жаап турган “карала” күндөрдүн бир кечинде Эрнис Асек уулу телефон чалып, “тез келчи” деп калды. “Келчи” деген жери маркум Кадырбек жездесинин үйү. Ал дарекке тээ мурда Кадырбек байке кайтыш болгондо “Агымчылар” менен барган жайым бар эле, түкшөмөлдөп таап бардым. Чынын айтсам, баргым келбей бардым. Улагадан тосо чыккан секелек кыз “Эрниске…” дегенимче эле колун жаңсай алдыга түшүп, чакан коридордун төрүндөгү каалгасы чала жабылган бөлмөгө киргизди. Эки капталына гезит, кагаздар үйүлгөн компьютер менен “арбашып” отуруптур Эрнис. Алик алышып, сол капталындагы отургучка бүкүлү көчүк бастым. Сөөмөйү менен улам-улам көз айнегин ортосунан өйдө түртүп коюп, бирде маңдайындагы текстке, бирде мага үңүлө карап сүйлөп жатты. Бугун чыгарды. Арманы — агасы Мелис… Күйүтү күпүлдөтүп көптү айттырды. Мага суроо бере салып, ага кайра өзү жооп берип… Мен болсо, Мелис байкенин “Асабасынын” алдына чогулган калың журттун, анын “Агымы” менен кошо аккан саясатчылардын жүздөрүн кирпик арасынан чуурутуп коюп, өзүмө тиешелүү “маселени” күтүп отурам. О бир оокумда, монитордогу текстти өйдө-төмөн сыдыргылап, тунжурай жымжырттыкка сүңгүп кетти. Баятан талкан сугунуп алгансып үндөбөй отурган жаным, обдула: “Менден эмне жардам керек?” дейин деп эриндеримди эптегенче, оюмду жулуп алып: “Эй, Азамат… билесиңби, мен сени эмнеге чакырдым?.. Мен, Эшимкановдун килейген китебин чыгарып атам. А билесиңби, эмнеге чыгарып атам?.. Сен жазган: “Мелис байке, биз сизди ашкере тыңдыгыңыз үчүн тепкилеп атып өлтүрдүк…” деген бир сүйлөмүң үчүн чыгарып атам!.. Ушул китепти ушул сөз үчүн редакциялап отурам!.. Түшүндүңбү?! Түшүнсөң, ошо… давай…”, — деди. Тилимди тиштеген боюнча коштошуп чыгып кеттим.

Жо-жок, бул “болбогон бирдеме” эмес болчу. Бул телефондон эле айтып койчу жөн салды “бир ооз сөз” да эмес эле. Арийне, жан дүйнөсү деңиздей жандар улуулук, кадыр, тагдыр, чындык, өмүр, өлүм жөнүндөгү кепти эч убак телефондон айтпайт. Сөз наркын түшүнгөн адам, сөздү кулакка эмес, көзгө айтат. Сөз кунун көтөргөн адам, сөздү жүрөккө кадап сүйлөмөйүн канагат албайт. Анан кантип Эрнис Асек уулун түшүнбөйсүң… Асманда Ай турабы, Күн турабы, алыссыңбы, жакынсыңбы — ал сенин чатагың.

Эрнис экөөбүздүн жолубуз “Асаба” гезитинен кесилишип, кийин “Агымда” жытыбыз сиңишти. Чоң ойду кыска жазып, ийкем жеткире алган чеберчилигин, редакторлук деңгээлин баалайт элем. Кара сөзү да, поэзиясы да Эрнистик стилде окулчу. Атүгүл, кайсы бир идеялар Эрнистен гана чыкчу ой-кыял экени айкындалып турчу. Бир курдай мага: “Ала-Арчага” барып келели, фотоаппаратыңды алчы…”, — деди. Капчыгайды эмес, көрүстөндү айтып атканы үнүнүн салмагынан эле туюлду. Бардык. Кыйын делген кыргыздар жаткан жайдагы мармарларды аралай басып, “муну тарт, тигини тарт” деп ээгин кага жыйырмадан ашык эстеликти “чыркылдаттырды”. Эртеси алардын ар бирине 4-6 саптан ыр жазып келип, “Агымдын” как ортосуна жайгаштыртып салды. Эки бет толгон ошол эскерүү чыкканда телефон тынбай алкоо айтылганы эсимде.

Кечээ, Эрнис кеткенде, аны эскергендер интернет бетин берей, биринен сала бири өтүп “Эрнис алтын болчу” деп өксүп жатып калышканын көрүп… “Мынча неге көпсүңөр, Эрнисти сүйгөндөр!” дедим ичимен. “Жалгыздык” жөнүндөгү мупмуздак ырын Эрнис түтөп жазып отурганда кайда элеңер” дейм.

Эрнике, Эрнис байке… эгер өлбөсөң – сени эч ким эстемек эмес! Тирүүңдө аз куунап, көп куурадыңбы же көп жыргап, аз ыйладыңбы… анын өлчөмүн өзүңдөн артык жан билген жок.

 Азамат КЫЯЗОВ, журналист

P.S. Мыкты котормочу, акын, философ Эрнис Асек уулу тууралуу эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы…

One thought on “Эрнис Асек уулу Азамат Кыязовду чакырып, эмнени айткан?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.