Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлдү

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлдү

Эл аралык валюта кору COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү жана бюджеттеги тартыштыкты жою үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бермей болду. Мындай чечимди, аталган уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги кечээ, 26-мартта кабыл алды.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиевна: «COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына катуу сокку уруп, шашылыш төлөй турган тармактарда акча тартыштыгы келип чыкты. Иштеп жаткан бардык тармактар вирустун айынан токтоп калды. Бул себептен улам Эл аралык валюта кору шашылыш насыя бөлүүнү ишке ашырууда«, — деп билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясынан улам өлкө экономикасына терс таасир тийип жатканын айтып, Эл аралык валюта уюму баштаган бир катар эл аралык институттардан жардам сураган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.

Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жана каржы саясаты катуу жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учуроодо.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.