Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетти, эң кичүүсү бир жашта…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетти, эң кичүүсү бир жашта…

Кыргызстанда 27-марттын 14:00гө карата коронавирус жуккан дагы 14 (жетөө Ош, жетөө Жалал-Абад облусунда) жаңы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы вирус жуккан 14 адамдын ону — аял, калган төртөө — эркек. Эң кичүүсү бирде, эң улуусу 68 жашта. Алардын бешөө — Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер, тогузу — мурда катталгандар менен контакт болгондор. Ошентип, илдет жуккандардын саны 58ге жетти.

18-марттан 26-мартка чейин Кыргызстанда коронавирус жуктурган 44 адамдын алтоо реанимацияда экени айтылган. Бүгүн алардын бешөө жалпы палатага которулганы маалым болду. Айнура Акматованын айтымында, жалпы палатага которулган беш адамдын арасында жандандыруу бөлүмүнө оор абалда биринчи түшкөн 71 жаштагы бейтап да бар. Ал эми алтынчы бейтап дагы эле Жалал-Абал облустук ооруканасындагы реанимация бөлүмүндө. Акматова алты бейтаптын бирине да жасалма дем алдыруучу аппарат колдонулбагандыгын кошумчалады.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.