Соттор ишин канча күнгө токтотту?

Соттор ишин канча күнгө токтотту?

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, мындай чечим Гүлбара Калиеванын жетекчилигинин алдында  видеоконференц байланыш аркылуу өткөн  кеңешмеде кабыл алынган. Мындан сырткары,  Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтоткон. Соттордун ишмердүүлүгү  бир жумага токтотулган. Аны менен катар эле,  соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.