Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунда сел жүрдү 

Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунда сел жүрдү 

Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 5-апрелден 6-апрелге караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короолорун каптаган.

Жерине ӨКМнин Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы жана №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, тазалоо иш-чаралары саат 11:40та толугу менен бүткөрүлүп, жол толугу менен ачылды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.